Акыркы учурларда ЖКдагы КСДП фракциясынын башчысы депутат Иса Өмүркулов бийликке карата катуу сын айта баштады. Өткөндө КСДП фракциясынын жыйынында, өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү багытында Өкмөттүн аткарган иши, Бизнести жүргүзүү жана Глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү индекси жөнүндөгү рейтингдеринде Кыргызстандын көрсөткүчтөрү жөнүндө маселе каралып жатканда: «Аткаминерлердин даярдыгы жок. Жер-жерлердеги калктын абалынан кабары жок. Алар облустардын бюджетин, кайсынысы дотацияда отурганын так билишпейт. Экономика жаатында иш алпарылбай калды. ЕАЭБге кошуларда экспортту 250 миллион долларга жеткиребиз дегенсиңер, ал азыркыга чейин аткарылган жок. Тоо-кен тармагын колго алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөйт. Алтынды тышка ташып чыгып кетишүүдө. Кен иштете тургандарды өрттөп, камалап жатышат, анан кантип инвесторлор келет, анан кантип иш жылат», деп билдирген эле. Ал эми жакында (шейшеби күнү) Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитеттин жыйынында Иса Өмүркулов «соттук иштердин көбөйүшү сот системасындагы адилетсиздиктен жана бийликтин өзүм билемдигинен чыгып жатат…тилекке каршы, сотторго буйрук жогортон келет, аны аткарбай коюудан коркушат», – деп билдирди. И. Өмүркуловдун «газды» минтип катуу тээп жатканын айрымдар «Сапар Исаковду премьер-министирликтен оодарып түшсөң спикер болосуң» деп «кимдир бирөө» убадасын берип, аягында анысы Өмүркуловду «кидать этип» кеткенден кийинки аракети катары сыппатташууда. Макул, мындай имиштерди «эл оозунда элек жок» айтылган кептердин бири деп коелу. А балким чыны менен эле И. Өмүркулов жогокудай пикирлерин чындап эле күйгөнүнөн айтып жатсачы?
Булак: “Айгай”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ