Menu

Воропаевдин алдаганы ачыкталып…

Бөлүшүү:

Бишкек ЖЭБдин директору Андрей Воропаев парламентте 600 доллардык кычкачты көргүсү келгендерге бир чемодан инструменттерди алып чыгып, аны менен кошо бир түрмөк лентаны көрсөтүп, ушунун баары 320 доллар болгон деп айткан. Анын бул айтканын ЖЭБдин мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу  калпка чыгарып, баасын кийин көтөрүп жиберишкенин билдирген. Айрым депутаттар укук коргоо органдарына Воропаевдин калп айтып жатканы үчүн жыйындар залынан кармап кетүү керек экенин айтып кайрылган. Ошондон эки күн өтпөй Воропаевди УКМК чакырып, бир чемодан инструменттердин чыныгы баасы тууралуу маалымат алышыптыр. Ал тургай ЖЭБге чейин барып, ал жердеги кампада турган инструменттерди да көрүп, Воропаев көрсөткөн бир түрмөк лента кычкачка кошулбай, бөлөк сатылып алынганын далилдешиптир. ЖЭБдеги жумушчулар да баарын айтышыптыр. Воропаев элди алдаганы үчүн айласы куруп турат дешүүдө. Ал тургай 386 млн долларга ЖЭБ оңдолот деп бычылганда, Воропаев эч нерсеси жок эле базардагыдай болуп соодалашып 396 млн доллардан 386 млн долларга түшүрүп коюшканы таң калыштуу деп нааразы болгон пикирин да суракта далилдептир.

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: