Menu

Кыргызстан-Өзбекстан аралык “Достук” велосапары башталды

Бөлүшүү:

18-май күнү Ош облусунун тургуну, эмгек жана спорт ардагери Мамыт Таштанов Бишкек-Ош-Aнжиян-Кокон-Бухара-Самаркан-Жызак-Манас-Ташкент каттамы боюнча сапарга чыкты. Ал бул шаарларды велосипед менен кыдырып чыкмакчы.

Сапар Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан башталып, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы нөлүнчү чакырым менен аяктайт. Бул тууралуу маалымдаган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги “Достук” сапары эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдей турганын билдирди. Ошондой эле маалыматта айтылгандай, бул велосапар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына да арналган.

Эки өлкөнүн акыркы он жылдан берки сууп кеткен мамилеси Өзбекстандын башына президент Шавкат Мирзиёев келгенден кийин жанданган. Былтыр сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Достук” бекети ачылып, эки элдин кирип-чыгышына кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийинчерээк Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы бир катар чек ара бекеттери да ачылып, жөө жүргүнчүлөрдүн өтүшү жеңилдетилген.

Быйыл март айынан тартып Ташкент-Бишкек-Балыкчы каттамында поезд, май айынан тартып Ташкент-Бишкек каттамында автобус жүрө баштаган.

Булак:  Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: