Menu

Душанбеде Тегерандын саясатына каршы акция өттү

Бөлүшүү:

21-майда ондогон адам Ирандын Душанбедеги элчилигинин алдына чогулуп, Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы менен Иранга каршы ураандарды кыйкырышты.

Күбөлөрдүн айтымдарында, болжол менен жарым саатка созулган акцияга 50дөн ашык киши катышты. Алар колдоруна Ислам кайра жаралуу партиясы менен Иранды сындаган жазууларды кармап алышкан. Чогулгандар Тегеранды Тажикстанда тыюу салынган аталган партияны «колдойт» деп айыпташты.​

Душанбе милициясынан митинг өтүп жаткан жерге дароо ыкчам топ жөнөтүлгөнүн кабарлашты. «Нааразылык акциясы мыйзамсыз болгондуктан, аларды кууп таркаттык. Катышуучулары кармалып, түшүнүк кат жазып бергенден кийин бошотулду», — деп билдиришти мекемеден.

Учурда уруксат берилбеген митингге чыккандардын ким экени жана акцияны ким уюштурганы белгисиз. Ирандын элчилигинен акция катышуучуларынын алдына чыкпай эле коюуну чечкендиктерин жана митингчилердин эмне максатта мындай кадамдарга барганы белгисиз экенин айтышты.

15-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Рамазан айынын алдында дин өкүлдөрү менен жолугуп, Ислам кайра жаралуу партиясын шийит агымына өтүүгө жана аны өлкөгө таңуулоого айыптаган. «90-жылдардагы жарандык согушту баштагандардын бири эсептелген Киёмиддин Гозималики камалды. Чөнтөгүндө «достук мамиледеги» өлкөлөрдүн биринин долларлары толтура. Ал мурда эле шийит агымына өткөнүн жана ал өлкөнүн атайын кызматынын тапшырмасы менен тажик элине каршы иштеп жүргөнүн моюнуна алды», — деген Эмомали Рахмон.

Тажикстандын атайын кызматы Ислам кайра жаралуу партиясынын айрым мүчөлөрү коңшу Ирандан башкалка табышканын билдирип келет.

Булак:  Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 56 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: