Таажывирусуна чалдыккан бейтаптар менен 7537 адам байланышта болгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрель күнү өкмөттүк онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымы боюнча, алардын 1556сы тыгыз байланышта (1-категория) болгон, ал эми 5981 адам экинчи категориядагы байланышта болушкан.
Учурда стационарда 370 бейтап жатат, алардын ичинен 4 адам жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Кыргызстанда жалыпысынан 466 адамдан таажывирусу аныкталган, 91 адам айыгып ооруканадан чыгышты, 5 адам оорудан улам каза болду.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ