20-майда Кант шаарында «Алга» жана «Алай» футболдук командаларынын оюнунан кийин чыр чыгып, чет элден келип, кыргызстандык командада ойноп жаткан футболист ур-токмокко алынган. Маалыматка ылайык, оюн аягына чыккандан кийин стадиондогу тарапташтар оюнчулар менен кайым айтышып, чыр чыккан. «Оюн абдан курч мүнөздө, одоно күч колдонуулар менен өтүп, кызыл карточкалар бир нече жолу көтөрүлгөн. Оюн аягында «Алай» футболдук командасынын оюнчусу Алиа Силла эс алуу бөлмөсүнө бет алган кезде ага бейтааныш адам кез келип, ортодо уруш чыккан. Футболчулар менен сүрөөнчүлөр аралашып, басылган урушта аталган футболчу жеңил жаракат алганын көрүүгө болот», -деп жазат турмуш.
Эске сала кетсек, оюн 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ