Menu

Жалал-Абад: Өтмөктүн курулушу башталды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарындагы унаа тыгындары көп болчу Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине көп күттүргөн  жер асты өтмөгүнүн курулушу башталды. Буга чейин шаар мэриясы борбордук Ленин көчөсүндө унаа тыгындарын жана жөө атуулдардын башаламан кыймылын азайтуу максатында асма көпүрө курган. Бирок маселе толук чечилбеген себептүү шаар тарыхында биринчи жолу жер астынан өтмөктү куруу чечилген. Курулуш аягына чыкса, жол кыймылынын коопсуздугу кыйла жакшырмак.

Мындан эки жыл мурун шаар мэриясы калк арасында жол коопсуздугун арттыруу үчүн  сурамжылоо жүргүзгөн. Тургундардын көпчүлүгү жер астынан өтмөк куруу зарылдыгын билдиришкен.

Шаардагы Ленин жана Нагима Айтматова көчөлөрүнүн кесилишинде унаалар жана жөө атуулдар кыймылы өтө көп. Бул кесилиш жолдо жол чырактары коюлганы менен,  жол кыймылынын эрежелери жакшы сакталбай келет. Бирок курулуш аягына чыкса, жол кыймылынын коопсуздугу, атуулдарга болгон ыңгайлуулук кескин өзгөрөт.

-Азыркы учурда аталган көчөлөрдө жол тыгындары убактылуу пайда болуп жатат. Мындан улам жол кыймылынын коопсуздугу күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Бирок, 2-3 ай сабырдуулук менен чыдап койсок, жол кыймылы тартипке келип, кырсыктардын саны кыскармак. Анткени жер астынан өтүүчү өтмөк ар тараптуу ыңгайлуу болот, – дейт Жалал-Абад шаардык жол коопсуздугунун көзөмөлдөө бөлүмүнүн жетекчиси  Тыныбек Рахманов.

Өтмөктү куруу боюнча жарыяланган тендерди “Сафари” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Түзүлгөн келишим боюнча куруучулар өтмөктү август айында тапшырууга тийиш. Ошондуктан курулуш участкасында жумушчулар күнүнө 12 сааттан иштеп жатышат, деген менен эл көп каттаган Нагима Айтматова көчөсүн тезирээк ачыш керек.

Эскерте  кетсек, жер асты өтмөгүнүн курулушунун долбоордук наркы 19 миллион 500 миң сом болуп, ал жергиликтүү бюджеттен каралган. Ал эми тендер учурунда курулушту ишке ашыруучу тарап 13 миллион сомго долбоорду утуп алган. Өтмөктүн  тереңдиги 5 метр 20 сантиметрди түзүп, узуну 31, туурасы 6 метрге жетет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: