Бүгүн, 22-майда КР Жогорку Сотунун соттук коллегиясы экс-генпрокурор Аида Салянова боюнча Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотунун өкүмдөрүн күчүндө калтырды.
2016-жылы 26-декабрда КР Генералдык прокуратурасы экс-генпрокурор Аида Саляновага каршы кылмыш ишин козгоп, тергөөнү УКМКга өткөрүп берген. Генпрокуратура менен УКМК Аида Салянова 2010-жылы Юстиция министри болуп турганда Максим Бакиевдин досу жана адвокаты Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узартып берген деп айыпташкан.
2017-жылы 27-октябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Аида Салянованы 5 жылга эркинен ажыраткан, бирок айыпкердин колунда 2 жашар кызы болгондугуна байланыштуу кызы 14 жашка толмоюнча соттун өкүмүн токтото туруу боюнча чечим чыгарган.
2018-жылдын 7-февралында Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ