Menu

Равшан Жээнбеков: Мурдагы президент өзү коррупциянын туу чокусу болгон

Бөлүшүү:

-Равшан байке, жыйын өткөрүп, саясый куугунтуктун негизинде камакка алынгандарды бошотуу талабын «койдунуздар. Мындан президент жыйынтык чыгарабы?

– Буга кепилдик жок. Бирок, ошентсе дагы Атамбаевдин убагында биздин көз карашыбыз боюнча мыйзамсыз, адилетсиз соттолгон саясатчыларга президенттин көңүлүн бурдуруунун аракетин көрүп, коңгуроо кагып, алардын ишин каратуу боюнча аракет жасап жатабыз. Президент жактан кандай чечим болоорун билбейбиз.

– Равшан мырза, бүгүн коомчулуктун көңүл борборуна мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси чыкты. Ишке аша турган демилгеби?

– Азыркы күндө Атамбаевдин кол тийбестигин алуу маселеси аябагандай оор. Анткени, мыйзамдар боюнча экс-президенттерге абсолюттук кол тийбестик мүмкүнчүлүгү берилген. Бул нерсе өзгөчө авторитардык мамлекеттердин президенттерине гана таандык. Президенттер өздөрү бийликте турганда конституцияга, мыйзамдарга өзгөртүү киргизип алып, ошону менен өздөрүн коргоого аракет кылышат. Бирок, ал мыйзамдар алар кызматтан кеткенден кийин көпкө чейин иштебей калат. Ага Аскар Акаевдин жана Бакиевдин кол тийбестигинин иштебей калганы далил боло алат. Дүйнөдө абсолюттук кол тийбестикти киргизип алган мамлекеттердин катарын Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Тажикстан толуктайт. Кызыгы, Африканын артта калган мамлекетеринде дагы абсолюттук кол тийбестик жок. Азыр Атамбаевдин абсолюттук кол тийбестик статусу бар. Бирок, саясый учур талап кыла турган болсо, көпчүлүк аны алып салууну кааласа, ишке ашып кетиши да ыктымал. Ал үчүн өзгөчө президент Сооронбай Жээнбеков жана саясый элита кийлигиши керек. Абал оорлоп, коомчулуктун, саясатчылардын пикири кескин түрдө өзгөрө турган болсо, анын кол тийбестигин алуу маселеси оңой эле ишке ашып кетиши мүмкүн.

– ТЭЦтеги коррупциянын түйүнү чечиле баштады. Анын запкысы Кулматовго да тийдиби? Ал да ТВЕАнын иши боюнча кызматтан кетүүгө аргасыз болду го?

– Адатта авторитардык мамлекеттерде кредит алгандары да, кредит бергендери да аябагандай коррупциялашкан. Дүйнөлүк изилдөөлөр боюнча Кыргызстан да, Кытай да аябагандай коррупциялашкан мамлекеттер. Кыргызстан алган эки тараптуу кредитте да кандайдыр бир коррупциянын элементтери бар. Ошондуктан Кытайдан келген кредитти пайдалануу чоң пикир жараткан маселе болуп калды. Бул кредитке бардык мамлекеттик институттар, мамлекеттик кызматчылардын аралашканы эле аны алууга ким биринчи кызыкдар экенин айгинелейт. Ошон үчүн мурдагы бийликтин учурунда кызматтан кызматка секирик жасагандарга өзгөчө көңүл бурулууда.

– Сапар Исаков “саясый куугунтук башталды”- деген конгуроону кагып жатат. Сооронбай Жээнбеков да өч алуу саясатынан өйдө боло албай калбайбы?

– Кандайдыр бир деңгээлде “саясый куугунтук бар” десек адилеттүү болот. Анткени, ТВЕАдан алган кредитке жана ТЭЦ маселеси боюнча жалгыз Сапар Исаков эмес, бардык премьер-министрлер аралашканын көрүп жатасыз. Бирок, ошонүн ичинен жалгыз Исаков да мамлекетке сот реформасын жана укук коргоо органдарына реформа жасадык дешчү. Ошондой эле мамлекеттеги кылмыштарга жөнөкөй адамдар менен кызматкерлердин да жоопкерчилиги бирдей деп айтып келчү. Атамбаев менен Исаков бүгүн өздөрү түзгөн саясый куугунтукка, адам укугун бузууга ылайыкташкан системага өздөрү жем болуп, ошол системага өздөрү кор болуп жатышканын баардыгыбыз көрүп жатабыз.

– Эми Сапар Исаков камалабы?

– Эгерде Сапар Исаков саясый активдүүлүгүн улантса, азыркы бийликтеги адамдарды адилеттүү жана адилетсиз эле кредит маселесине тарта турган болсо, ал жакынкы убактарда камакка алынышы мүмкүн. Эгерде ушул маселелер улана турган болсо Атамбаевдин абсолюттук кол тийбестиги алынып, түрмөгө отургузулат. Атамбаевге бир эле ТЭЦтеги коррупция эмес, башка дагы дооматтар коюлат. Маселен, “Датка-Кемин” көмөкчү чордону, “Манас” аэропортунда кулаган учактагы сырдуу жүк, мамбюджеттин эсебинен салынган үйлөр жана президент мезгилинде топтогон байлыктары, Батукаевди чыгарып жибергени ж.б. Мунун ар бири боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору.

– Исаков таза иштеп, Атамбаев коррупциялык схемаларды иштетпегенин айтты. Анын айтканына ишене турган болсок, анда Кыргызстанды сазга батырып жаткан коррупциялык схемаларды ким жасап жүргөн?

– Кыргызстанда бардык маселени президент чечет. Албетте, премьер-министр, министрлер да аралашышы мүмкүн. Бирок, негизги экономикалык, саясый маселени президент чечет. Кыргызстанда президент кызматта турганда ал системага аралашкандар коркот же кошомат кылып эч нерсени айтпайт. Президент качан гана кызматтан кеткенде сындап чыгышат. Атамбаев кызматтан кетери менен ким коррупционер экени ачыкка чыга баштады. Сапар Исаковдун “Атамбаев таза иштеген, коррупцияга аралашкан эмес”- дегени суу кечпеген нерсе. Анткени, президент коррупциянын туу чокусу болгон.

– Равшан байке, ТВЕА деген компаниянын чакыруусу менен бир эмес, эки жолу депутаттар атайын делегация болуп барышкан экен. Ал компаниянын сыйын көрүп келген депутаттарды моралдык жоопкерчиликке тартыш керекпи?

– Албетте, депутаттардын кредит алууда моралдык жоопкерчилиги бар. Бирок, ал кредитти мамлекет кандай пайдаланды, ага эмне сатып алганы боюнча ошол тармакты тейлеген мамлекеттик кызматкерлер жоопкерчиликти алыш керек. Туура, мен да ал жакка депутаттык делегация менен баргам. Мен суранып кошулган эмесмин. Бийликтин депутаттары өздөрү оппозициялык депутат катары кандай компаниия экенин көрүп кел”-деп кошушкан. Адатта мени бийликчил депутаттар жаман көрчү. Бирок, ошол мезгилде өздөрү сунуш кылып кошушкан. Алар менен бирге ТВЕАнын өндүрүшүн, кеңсесин, мүмкүнчүлүктөрүн көрүп келгенбиз. Барып келгенден кийин мен каршы добуш бердим. Азыр чоң сүйлөп каршы чыгып жаткан депутаттардын көпчүлүгү ошол убакта колдогон добуш беришкен.

– ТВЕА алдамчылык иштер менен алектенгендей таасир калтырды беле?

– Мен антип айта албайм. Анткени ТВЕА депутаттардын жол кирелерин төлөп алый барып келген. Себеби, бюджетте ага бөлүнгөн мамлекеттин акчасы жок. Ал компаниянын мүмкүнчүлүктөрү жогору, офистери жакшы экенин көрдүк. Бирок, макулдашууну көргөндөн кийин колдоодон баш тарттым. Мен анткен менен барып келген бийликчил депутаттардын баары колдоп берди. Эми алар баатыр болуп сүйлөп жатышат..

– Кулматов да камакка алынышы мүмкүнбү?

– Менин көз карашымда Сапар менен Кулматовдун абалы эки башка. Сапар Исаков ачыктан ачык саясатка аралашты. Кредит маселесинде Сооронбай Жээнбековдун, Акылбек Жапаровдун тиешеси бар экенин ачык эле коомго айтып таштады. Алар менен ачык чатакка барды. Кулматов саясатка аралашып, азыркы президентке каршы чыга алабы? Эгер каршы чыкса – камалат. Каршы чыкпаса, саясатка аралашпаса, укук коргоо органдары тарабынан Кулматовго анчалык кысым болбойт.

– Албек Ибраимов да кызматынан кетеби? Эмнеге ага аяр мамиле болуп жатат?

– Албек Ибраимов да сөзсүз түрдө кызматтан кетет. Анткени, ал Атамбаевдин жакын кадрларынан. Азыр кандайдыр бир маселе үчүн аны чыдап кармап жатышат окшойт. Бирок, аны мезгили келгенде кызматтан кетирет.

– Ачык эшик артында дагы, жабык эшик артында дагы талкуулап жаткан ТЭЦтин жыйынтыгы кандай болот?

– ТЭЦ менен “Кумтөр” аябагандай окшош маселе. Экөө тең бардык бийлик өкүлдөрү аралашкан оор маселе болуп эсептелет. “Кумтөр” сыяктуу эле ТВЕАнын иши да аягына чыкпай калуу мүмкүнчүлүгү аябагандай жогору. ТВЕАны Кыргызстанга алып келген, анын иштешине толугу менен шарт түзүп берген албетте президент Атамбаев болуп эсептелет. Атамбаевди жоопкерчиликке тартылар-тартылбасы азырынча белгисиз. Анткени, азыр ошол кездеги президенттин чечимин аткарууга мажбур болгон кишилер гана камакка алынып жатат.

– Кредитти бүткүл кыргыз эли төлөйт. Анткени, ТВЕАнын кредити бюджет аркылуу төлөнчү акча. Алдан алынган кредиттердин баары өкмөттүн кепилдиги менен алынган. Кыскасы. ТВЕАдан алынган каражат бардык кыргызстандык төлөй турган кредит десем мыйзамдуу да туура да болот. Келишимди кытай тарап эл арадык арбитражка кайрылуудан ажыратып койгон. Кытай менен гана макулдашып чече турагн мүмкүнчүлүгүбүз бар. Андан башка мүмкүнчүлүгүбүз жок.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: