Menu

АКШ Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу боюнча кийинки жумада чечим кабыл алат

Бөлүшүү:

Сингапурда АКШ президенти менен Түндүк Корея лидеринин жолугушуусу болор-болбосу тууралуу акыркы чечим кийинки жумада кабыл алынат. Бул тууралуу Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп өзү билдирди. Күн мурун АКШ президенти Ким Чен Ын менен жолугушуусу «болбой калышы мүмкүн» деп күмөн санап жатканын айткан.

АКШ президентинин администрациясы эгер талкуу туура эмес багытта жүрө турган болсо, анда эки лидер ортосунда сүйлөшүү болбой калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Майк Помпео билдирди. Анын айтымында, Кошмо Штаттар Түндүк Корея менен «начар келишим» түзбөшү керек. Өз кезегинде Пхеньян америкалыктар менен түштүк кореялыктардын аскердик машыгууларына жооп катары Ким Чен Ын дагы жолугушуудан баш тартышы мүмкүндүгүн билдирди.

Ал ортодо ММКлар Түндүк Кореянын лидери Сингапурда Трамп менен жолугушуп жаткан маалда өлкөсүндө аскердик төңкөрүш болуп кетиши ыктымал деп кооптонуп жатканын жазышууда. The Washington Post гезитинин өз булактары кабарлагандай, Түндүк Кореянын өкүлдөрү Ким Чен Ындын учагы кайра өлкөсүнө кайтып барышы үчүн жетиштүү күйүүчү май алат деген кепилдик сурашууда.

Трамп менен Ким Чен Ындын жолугушуусу 12-июнга белгиленген. АКШ президенти эки лидер тең сүйлөшүүлөрдү дүйнө үчүн «өзгөчө окуяга» айландырууга аракет кыла турганын билдирди. Буга чейин Кошмо Штаттардын иштеп жаткан бир дагы президенти Түндүк Корея лидери менен жолуккан эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: