Menu

Рыскелди Момбеков: “Силер орден бере турган адамдарды кызматтан алып жатасыңар, күзүндө өкмөттөн сурап алабыз”

Бөлүшүү:

“Бажы кызматынын башчысы менен Салык кызматынын башчысын алмаштырышты? Мен айтпадым беле өкмөт бизди “кидать” этет деп, силер менин айткандарыма көңүл бурбай койгонсуңар”,  – деп билдирди бүгүн, 24-майда КСДПчы депутат Рыскелди Момбеков.

“Бажы кызматынын башчысы Кубанычбек Кулматов менен Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду эмнеге кызматтан алышты? Акыркы 4 айдын ичинде салыктын түшүшү өсүп жатса, бажы төлөмдөрү 3 миллиард сомго жетсе – эмне үчүн аларды кызматтан алдыңар? Оңолбековду эмнеге алып келдиңер, бажы кызматын оңдогонубу же тоногонубу? Мен ушуну түшүнбөй жатам. Кандай гана команда бийликке келбесин таможняга “кошелек” келет. “Кошелектордун” баары таможняда олтурат. Ушуну токтотсоңорчу”, – деди Момбеков.

“Бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жеңиш Исаковду эмнеге кызматтан алдыңар? Бажыдагы коррупциянын бетин ачкандыгы үчүнбү? Бажы төлөмдөрүнүн бир айлык планын 1 миллиард сомго ашык аткаргандыгы үчүнбү? Силер орден бере турган адамдарды кайра кызматтан алып жатасыңар. Мунун баарын күзүндө өкмөттөн сурайбыз. Сапар Исаковдун өкмөтү 4 айда канча киреше алып келди, ал эми силердин өкмөт 2 айда канча киреше алып келди, ошондо өкмөт башчысынан сурап алабыз”, – деди Рыскелди Момбеков.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: