“Өкмөттүн өкүлүнө кайрылып кетем, мына азыр эле кыргыз-казак чек арасындагы “Ак жол” өткөрмө пунктунан телефон чалышты, казак тараптан бир саатта 6 машина өткөрүп жатса, кыргыз тарап бир саатта 2 эле машина өткөрүп жатыптыр, ошол эле учурда кошумча акчага кезексиз өткөрүп бере турган ортомчулар пайда болуптур, бул эмне деген уятсыздык,”, – деп билдирди бүгүн, 24-майда парламенттин отурумунда депутат Таабалды Тиллаев.
“Оштогу “Достук” өткөрмө пунктунда да ушундай, өзбек тарап эч кыйнабай тез өткөрөт, кыргыз тарап ар кандай шылтоо менен тыгын жаратып, проблемаларды түзүүдө, муну качан жөнгө саласыңар? Анан да Өзбекстан менен мамилебиз жакшырды дейсиңер анда эмне үчүн жабылып калган “Кара-Суу” өткөрмө пунктун ачпайсыңар?- деди Тиллаев.
Булак:Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ