Menu

Молдовановкадагы абакта 59 соттолуучу ачкачылык жарыялады

Бөлүшүү:

Чүйдүн Молдовановка айылындагы абакканда 60ка жакын соттолуучу ачкачылык жарыялады. Мындай маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бышыктады

Маалыматка ылайык, ачкачылык кармаган 59 соттолуучу абактын шартына нааразылыгын билдирип жатышат. Алардын ичинен ону ооздорун төөнөп алышты.

Ал эми Кыйноого каршы улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов абактагылардын ачкачылык жарыялаганы боюнча маалымат 5-июнда келип түшкөнүн билдирди.

Улуттук борбордун кызматкерлери аталган абакка барып, ачкачылык жарыялагандардын талабы жана абалы менен таанышкан.

Сулайманов учурда түрмө жетекчилиги тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталбаганын билдирди.

Учурда ачкачылык кармагандарга түрмө жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: