Кызыл-Кыя шаарындагы райондор аралык кургак учукка каршы ооруканасынын кызматкерлери 970 мин сомду өздөрүнө сиңирип алышкан. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
Ошентип, Кызыл-Кыя шаардык прокуратурасы аталган фактыга ылайык кылмыш ишин (304-берене – кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 305-берене – кызматтык ыйгарым укуктарын көтөрүү, 171-берене – ишенип берилген мүлктү менчиктештирип алуу же коротуу) козгоду. Алгачкы тергөө аныктагандай, 2017-жылдын июнь айынан декабрга чейин аталган оорукана чарба товарларын, курулуш материалдарын жана ар кандай кызматтарды сатып алуу үчүн сынак өткөрүшкөн. Жеңүүчү деп ишкер М.Н. табылган. Аны менен 1 миллион 67 мин сомго келишим түзүлүп, каражатты анын банктагы эсебине которушкан.
Тилекке каршы, товарлар оорукананын кампасына түшкөн эмес. Ал эми бул кызмат жарым-жартылай гана көрсөтүлгөн. Муну менен катар оорукананын кызматкерлери ишкердин ишеними боюнча мурда которулган акчаларды дагы банктан алып турушкан. Анын жалпы суммасы 870 миң сом экен. Мындан тышкары былтыр аталган медициналык мекеменин кызматкерлери оорукананын бюджеттик каражаттарын карточка менен алуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышып, 100 мин сомду дагы сиңирип алышкан.
Ошентип, ак халатчандар тарабынан мамлекетке жалпысынан 970 миң сомдук зыян келтирилген.
Булак: “Майдан”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ