Menu

Астаналык юрист Аблязовдун кыймылына салынган тыюу менен макул эмес

Бөлүшүү:

Астаналык юрист Антон Фабрый чет өлкөдө жашаган мурдагы банкир Мухтар Аблязов тарабынан негизделген “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылына салынган тыюунун күчүн сот аркылуу жойдурууга аракет жасоодо.

“Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын “экстремисттик уюм” деп таануу тууралуу Астананын Есил райондук сотунун 13-марттагы чечими сот актылары жарыяланган базада жок. Казакстандын адам укугу бюросу сот чечимин сурап, бирок аны ала алган эмес. Сот органдары уюм «бул иш боюнча сот жараянына катышкан эмес» деген шылтоо менен укук коргоочуларга сот чечимин берүүдөн баш тарткан.

Бирок кыймылга да, Аблязовго да тиешеси жок экенин билдирген 68 жаштагы адвокат Антон Фабрый элге жарыяланбаган сот чечимин алган.

“КДТ кыймылына кошулгум келген. Бирок эми мындай мыйзамдуу укугумдан айрылдым. Соттун чечими укугумду чектеди”,- деп билдирди ал. Фабрый “Казакстандын Демократиялык тандоосун” экстремисттик уюм эмес деп эсептегендиктен, Астана шаардык апелляциялык сотунан Есил райондук сотунун чечиминин күчүн жоготууну сураган.

Бирок Есил райондук соту анын арызын аппеляциялык инстанцияга өткөргөн эмес. Буга сот адвокаттын бул жараяндын катышуучусу эмес экендигин жүйө келтирген.

​Антон Фабрый анын доосун кабыл албаган үчүн Астана сотунун апелляциялык коллегиясына кайрылды. Адвокаттын жеке арызы майдын соңунда каралары күтүлүүдө.

Есил райондук соту “Казакстандын демократиялык тандоосу” Facebook, Instagram социалдык түйүндөрү, Telegram, Viber мессенжерлери жана YouTube видеохостинги аркылуу Казакстан бийлигин күч менен кулатууга аракет жасаган экстремисттик мүнөздөгү чакырыктарды жайылтууда деген чечим чыгарган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: