Menu

МУКК: «Кыргыз-Почтасы» мамишканасы менен МАИчилер жең ичинен сүйлөшүп алып, төгүлгөн айыппулдарды өздөрүнө ыйгарып алып турушкан

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын МУКК тарабынан Базар-Коргон райондук жол кыймылын камсыз кылуу (ЖККК) бөлүмүнүн жана «Кыргыз-Почтасы» Мамлекеттик ишканасынын райондук филиалынын айрым кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын ыйгрып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул туралуу мекеменин басма  сөз кызматы маалымдады.

Такталган боюнча, почта бөлүмүнүн кызматкерлери менен ЖККК айрым кызматкерлери жең ичинен сүйлөшүп алып, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча админстративдик чараларды фиктивдүү түрдө каттап, айыптарды төлөө үчүн түшкөн акча каражаттарды ыйгарып алып турушкан.

Ошондой эле Базар-Коргон районунун «Кыргыз Почтасы» Мамлекеттик ишканасы 440 даана протоколдордун жетишсиздиги жана 175 даана админстративдик укук бузуу жөнүндө протоколду жасашкандыгы аныкталды.

Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мамлекетке келтирилген зыян болжол менен жарым миллион сомго жакын сумманы түздү.

МУКК материалдары боюнча, Базар-Коргон райондук прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин 315-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык жасалмачылык) жана 171-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу) боюнча кылмыш ишин козгоду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: