Menu

Күнөөсүн далилдебей туруп, Текебаевди камаган соттор чыныгы коррупционерлерди камай албай жатышат

Бөлүшүү:

Леонид Маевскийдин көрсөтмөсү боюнча, 1 миллион доллар Кыргызстанга эки бөлүк менен келген. Биринчиси 300 миң, экинчиси 700 миң доллар. Маевский тергөөдө (1-том 106-бетте, 5-том 53-59-беттерде), кийин сотто «2010-жылы июль айынын аягында Москва шаарындагы ВТБ-24 банкындагы өз эсебимден 300 миң доллар нак акчаны алып, аны Бишкекке алып келдим. А.Модинге «Хаят» отелининин номеринде бергем» деп айтат.

Бирок, күбөлөрдүн көрсөтмөсү, Маевский «акча алдым» деген банктын жообу, кыргыз бажы жана чек ара кызматтарынын, «Манас» эл аралык аэропортунун маалыматы миллион доллар болбогонун, Маевский калп айтканын далилдейт.

Маевский көрсөтмөсүндө 300 миң долларды 2010-жылы июнь айында Кыргызстанга өзү алып келгенин, ал акчаны Россиянын ВТБ банкындагы эсебинен накталай алганын айткан. Бирок, Маевскийдин бул калпы бат эле далилденген. Иштин материалында (5-том, 53-59-беттеринде) БТБ-24 банкынын выпискасы бар. Анда Маевскийдин 2010-жылы алган акчалары жөнүндө толук маалыматтар келтирилип, ошол эле маалыматтардын ичинде Маевский июнь айында да, алтургай июль, август айларында да 300 миң доллар албаганы көрсөтүлүп турат. Мына ушул далилдин өзү Маевский «300 миң долларды Бишкекке алып келдим» дегени жалган экенин билдирет.

Экинчи далил, пассажирдик манифест боюнча документтер. Мында рейсте учуп келген жүргүнчүлөрдүн тизмеси, алардын отурган ордулары, каттоодон өткөн убактыларына чейин көргөзүлөт.

«300 миң долларды Кыргызстанга ким алып келди, кантип алып келди?» деген суроого Маевский тергөөдө «өзүм алып келдим» деген болсо, сотто Маевский көрсөтмө берип жатып, үч жолу адвокаттардын суроосуна «2010-жылдын июнь айынын аягында Москвадан Бишкекке 300 миң долларды мен эмес, Сергей Кутуков алып келген. Ал менин коопсуздук кызматымдын жетекчиси болгон. «Хаятта» Модинге акчаны мен эмес, Кутуков берген» деген. Бул да Маевскийдин кезектеги калпы болду. Анткени, пассажирдик манифестте Кутуковдун 2010-жылы июнда да, июлда да, алтургай августта да Кыргызстанга келбегендигин көргөзүп турат.

2017-жылы Россиянын ФСБсынын капитаны Махтаев Сергей Кутуковду барып суракка алат. Анда Сергей Кутуков «Кыргызстандын кызмат адамдары же алардын өкүлдөрү Маевскийден же анын өкүлдөрүнөн акча сурагандыгы тууралуу билбейм, Кыргызстандын кызмат адамдарына, же алардын өкүлдөрүнө Маевский акча берди дегенди да билбейм, уккан эмесмин» деп айткан. Кутуковдун бул көрсөтмөсү иштин 5-том, 154-155-беттеринде жазылган. Мына ошентип, Маевскийдин жакын адамы делген Сергей Кутуковдун Маевскийдин калпын ачып көрсөтмө бергенин сотто адвокат окуп бергенде, Маевский «Кутуков менде көптөн бери иштебейт, абийирине койдум» деп кирген.

Андан башка, бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Торутаевдин УКМКга 2017-жылдын 1-мартында жазган каты бар. Анда ал «Л.Маевский 2010-жылдын 1-майынан баштап, 31-декабрына чейин Кыргызстанга чоң суммадагы нак акча алып келгендиги тууралуу маалымат жок» деп билдирген.

Маевский айткан 1 миллоин доллардын экинчи бөлүгү – 700 миң долларды ал «2010-жылдын 14-сентябрында ВТБ-24 банкынан 510 миң евро алып, ага ишканадагы долларларды кошуп, 700 миң доллар кылып, Текебаевдин ишенген адамы аркылуу берип жибергем» дейт. «Бирок, ал адамдын качан, каякта, кайсы аэропорттон, кайсы өлкөгө кеткенин билбейм» дейт. Соттук териштирүүлөрдө Маевскийдин бул айтканы эч бир далилдер менен тастыкталбаган жалган көрсөтмө экендиги далилденди.

ВТБ банкынын маалыматы боюнча, Маевский чын эле 14-сентябрда нак акча алган. Ал акчаны Маевский өз керектөөлөрүнө жараткан болуш керек. Мисалы, ошол эле Модин Маевскийден 500 миң доллар карыз алып, кийин соттошуп жүрүп өндүрүп алган.

Модиндин Маевскийден 500 миң евро карыз алганын тастыктаган документтер бар. Алар Россиянин ММКларында жарыяланган материалдар. Ошондой эле Модин өзү да соттун жүрүшүндө Маевскийден карыз акча алгандыгын, аны соттошуп жүрүп, соттун чечими менен төлөп бергендигин мойнуна алган. Иштин материалдарында (1-томдун 47-бети, 3-томдун 37-беттеринде) «Маевскийдин акчасы Модинден сот чечими менен өндүрүлсүн» деп чыккан сот чечими тиркелген.

Сотто адвокаттар «досуң Модинге келишим түзүп, карыз берип жатасың, сотко берип, өндүрүп да алдың, анан 700 мин долларды тааныбаган адамга жөн эле берип салдынбы?» деп кекиртектен алып жарга такаганда, Маевскийдин айласы кетип мурдагы көрсөтмөлөрүн оңой эле өзгөртүп, «тил кат да алганбыз, паспортунун көчүрмөсү да, фото-видео фиксация да болгон, бардыгын сактап жүргөнбүз. 2016-жылы офисте труба жарылып, суу каптап, бардыгын агызып кетти» деп калп айтып, сотто отургандарды гана эмес, судьянын өзүн да сүлдүргөн.

Ошентип, Маевский «2010-жылы 13-майда Текебаев менен «Супарада» жолуккам» дегени жалган болуп чыккандай, кылмыштын предмети болчу акча да жок экени, 300 миң доллар да, 700 миң доллар да болбогону, алардын бири да Кыргызстанга келбегени айныгыс документтер менен тастыкталды. Бирок, ошого карабастан, саясый буйрукту аткарган соттор бул далилдерге көңүл бурбастан, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөн Чотоновду соттоп, абакка кескен чечим чыгарды. Эң негизгиси, жадагалса сот дагы «Текебаев менен Чотонов кыргыз элине, мамлекетке, алтургай Маевскийге дагы 1 тыйын зыян келтирди, ошону төлөп берсин» дей алган жок. Анткени, алар да акчанын болбогондугун, Текебаев менен Чотоновдун аны албагандыгын, далилдер жок экендигин көрүп турду. Ошого карабай, террорист, коомго коркунучтуу кылмышкерлердей аэропорттон кармап, камады. Ошол эле учурда өлкөгө 100 миллиондогон доллар зыян келтирип, өлкөнү 20-30 жылга карызга отургузуп, коррупциялык схемалары айдан ачык болуп, документтери турса дагы, кол алдындагылар парламентте, ММКларда «ушулардын көрсөтмөсү менен жасадым» деп айтып турса дагы, аларды укук коргоо органдары камакка алган жок. Ушул мамиленин өзү Текебаев менен Чотоновго болгон иш саясый заказ экенин даана көрсөтүп турат.

Динар Турдугулова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: