Menu

Казакстан: саламаттыгы чың кишилер COVID-19га каршы вакцинаны өздөрү сатып алышы керек

Бөлүшүү:

Казакстан Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Багдат Кожахметов министрлик калктын 11,5 пайызына гана коронавируска каршы вакцина сатып алууга ниеттенип жатканын билдирди.

– Тобокел тобундагы 2 миллион 182 миң киши бар (Казакстан калкынын 11,5 пайызы — Ред.). Булар – жүрөк-кан тамыры ооругандар, жашы 65тен ашкандар, кант диабети жана башка өнөкөт илдеттери бар адамдар. Аларды коргой турган атайын эрежелер, мыйзамдар бар. Ар бир ден соолугу чың, жумуш иштеген кишилер өздөрүн вакцина менен камсыздоого тийиш, – деди Кожахметов.

Ал Казакстан Covax Facility программасына киргенин, ага ылайык калктын бештен бир бөлүгү бекер эмделерин айткан. Аткаминердин билдиришинче, вакцина сатып алуу үчүн транспорт чыгымдарын кошуп эсептегенде 18 миллирд теңге (43 миллион доллар) керек.

Вакцина жана иммунизация боюнча глобалдык альянстын (GAVI) маалыматы боюнча вакцинанын бир дозасы 10-20 доллар болот. Бир катар өлкөлөр, маселен, АКШ бийлиги америкалыктардын баары COVID-19 вирусуна каршы бекер вакцина аларын маалымдаган.

Казакстанда жумуш ишетеген жарандардын баары Медициналык камсыздандыруу фондуна учурда айлыгынын бир пайызын, 2021-жылдан тартып эки пайызын төлөйт.

Ушул тапта дүйнө жүзүндө вакцинанын 100дөн ашуун түрү иштелүүдө. Алардын айрымдары кишилерге сыноо жүргүзүү баскычына келип калды.

12-августта Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев күзүндө вакцина сатып алуу үчүн Москвага өкмөт делегациясын жиберерин маалымдаган. Кийин Кожахмедов Казакстан сыноолордон толук өтпөгөн вакцинаны сатып албай турганын маалымдаган. 14-августта Казакстандын башкы санитардык дарыгери Айжан Есмагамбетова “сатыкка биринчи чыккан вакцинаны алабыз” деген.

Источник: “Служба новостей Центральной Азии”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: