Бүгүн, 31-майда Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсүндө (Манас проспектисине жакын) Лексус-570 үлгүсүндөгү ак джиптин айдоочусу аны токтоткон МАИ инспекторунун үстүнө машинасын салып жиберген.
Кийин белгилүү болгондой МАИнин инспектору жол эрежесин бузган Лексустун айдоочусун токтотуп, протокол түзүп айдоочуга кол коюуга сунганда, ага нааразы болгон айдоочу протоколго кол койбой, ал жерден кетип калууга аракет кылган. Ал эми инспектор машинаны тороп туруп алган. Лексустун айдоочусу 43 жаштагы аял киши болгон.
Натыйжада айдоочу Ленин райондук милицияга жеткирилип, бийлик өкүлүнө баш ийбей каршылык көрсөткөн мыйзам бузуучу катары протокол толтурулуп, анан үйүнө коё берилген. Лексус-570 унаасы айып аянтчасына тартылган.
https://www.youtube.com/watch?v=8cHXtsxV5hY&feature=youtu.be
Видеону Фейсбукка жүктөгөн Айсылу Ельчин
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ