Menu

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бир катар социалдык обьектилердин курулушуна каражат бөлүүнү тездетүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөнкү обьектилерди өз мөөнөтүндө жана толук каржылоону тапшырды:

– Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин реабилитациялык корпусунун курулушу;

– Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин негизги корпустарынын капиталдык ремонту жана реабилитациялык корпусунун курулушу.

Белгилесек, мурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир катар социалдык обьектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алган.

Тактап айтканда, Жалал-Абад балдар психоневрологиялык үй-интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна – 67 309 500 сом, ал эми Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин имаратынын курулушуна 69 034 900 сом багытталышы керек.

Пландаштырылгандай, аталган обьектилердеги курулуш иштерин каржылоо 2018-жылдын июнь айында башталат.

Жалал-Абад балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1970-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө мында 5-18 жашка чейинки 116 бала жашайт, анын 70и – балдар, 46сы – кыздар.

Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемеси 1935-жылдан бери иштеп келет. Учурда мында 230 бала тарбияланат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: