Бүгүн, 1-июнда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы экс-депутат Карганбек Самаковго жана анын жакындарына каршы чыгарылган Октябрь райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.
Октябрь райодук сотунун судьясы Дамирбек Назаровдун 2017-жылдын 19-декабрда Карганбек Самаков жана анын кылмыш ишинде чоогу өткөн айыпкерлерге 2008-жылы жер участкаларын мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кабыл алган өкүмү менен Карганбек Самаков 10 жылга, анын уулу Кубанычбек Самаков 8 жылга, анын достору Эрнис Койчуманов менен Урмат Нурдинов жана Карганбек Самаковдун мурунку жардамчысы Абай Таштанбеков, Аликбай Сариевдер 8 жылдан эркинен ажыратылышкан.
Экс-премьер-министр Игорь Чудинов менен экс-вице-премьер Искендер Айдаралиев 5 миллион сомдон айыппулга жыгылышкан.
Экс-президент Курманбек Бакиев, анын иниси Жаныш Бакиев жана экс-министр Арстанбек Ногоев үчөөсү сыртынан 10 жылдан эркинен ажыратылышкан.
Эсиңиздерге сала кетсек, Генпрокуратура 2008-жылы Карганбек Самаков коррупциялык схема уюштуруп, Аламүдүн районунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнөн жүздөгөн гектар жерлерди “Айыл чарбасына жарактуу жерлердин” категориясынан “калк жашаган пункттардын жери” категориясына мыйзамсыз трансформациялап кийин сатып жибе
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ