Menu

Кыргыз керек-жарак коомдор Союзунун Президент Жээнбековго Кайрылуусу

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти  С. ЖЭЭНБЕКОВго

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарына

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрүнө

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М.АБЫЛГАЗИЕВге

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Ө. ЖАМШИТОВго

Кыргыз Республикасынын УКМКнин төрагасы И.КАДЫРКУЛОВго

 

  Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Биз Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун кооператорлору Кыргыз Республикасынын элдик президенти болушуңуз менен куттуктайбыз жана Сиз менен өзгөчө сыймыктанабыз! Анткени, Сиз алтындай өз өмүрүн, асыл ак эмгегин кыргыз кооперациясын өнүктүрүүгө сарптаган биздин улуу устатыбыз Шарип Жээнбековичтин тарбиялаган уулусуз!

Жакшы атанын таза уулу катары 25 жылдан бери Кыргызстанда тамырлаган коррупция менен болгон Сиздин күрөштү биз элибиз менен бирге колдойбуз!  Айрыкча, бул чоң күрөштү Соттук реформадан баштаганыныз эң туура болууда. Себеби, 25 жылдан бери эле коррупцияны коргоо, кылмышын жабуу, уурдаган арам мүлктөрүн мыйзамдаштыруу Соттор аркылуу ишке ашырылып келүүдө. Мындай осол көрүнүшкө биз активист кооператорлор 25 жылдан бери  өзүбүз күбө болдук, Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун мүлкүн тоноп-талап жаткан коррупциялык топтор менен болгон соттошуу процессинде  өз көзүбүз менен даана көрдүк…

1926-жылдан бери өскөн Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун мүлкү 1996-жылкы баланстык эсеп жана валюталык курс боюнча 1 миллиард АКШ долларын түзгөн эле. 1996-жылы бул элдик байлыкка көз арткан бир нече адамдан турган кылмыштуу топ мыйзамсыз жыйында токтомдорун токуп, ага жасалма кол тамгаларды коюу менен ( буга мамлекеттик эксперттик мекемелерден бүтүмдөрү бар) жаңы “Кыргыз Республикасынын кооператорлор Ассоциациясы” (“Кыргызкоопсоюз”) уюмун ачып, азырга чейин Кыргызстаткомдун ЕГРСЕнин эсебинде жашап турган, ликвидация болбогон Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун мүлкүн дүңүнөн өзүнө уурдап (“прихватизациялап”) алып, 25 жылдан бери сатып, жеп, байып келүүдө.      Биз “Кооператор-пайщиктердин мүлкүн, уставдык укугун коргоо”  уюмун негиздеп, тергөө, сот органдарга кайрылып келдик. Кээ бирлерине кылмыш иши козголуп, айрымдары камакка  дагы алынды. Бирок, кайра эле мамлекеттик бийлик адамдарынын, прокурорлордун, соттордун кийлигишүүсү жана түздөн-түз жардамы менен алар кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп келди. Коррупция уурдаган арам акчалары өтө эле көп болуп, алар ар жолку аракетибизде сотторду сатып алып, кайра эле козголгон ишти жаап коюшууда. Биздин ар бир дооматты териштирүү Жогорку Сотко чейин 5-6 жолу чыкты. Бирок, Жогорку Соттон эч чындык чыкпай койду, биз  учурда соттордон такыр түңүлдүк, сот системага такыр ишенбей калдык…

Урматтуу Сооронбай Шарипович, биздин сонку ишеничибиз, акыркы үмүтүбүз Сизде, жаңы бийликте калды. Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссия түзүп, иликтеген Бишкек ЖЭБтин кылмыштуу иши 100-140 миллион АКШ долларын эле түзсө, Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун коррупциялык жолдо уурдалып жаткан мүлкү 1 миллиард АКШ долларын түзөт. Ушул күндөрү да 15-20 миллион АКШ долларлык  имараттар коррупционерлер тараптан дагы деле уурдалуу коркунучунда турат. Ошондуктан, Сиз жетектеген Мамлекеттик Коопсуздук Кеңеши аркылуу Кыргыз керек-жарак коомдор союзунда болгон коррупциялык кылмышка саясий баа берүү боюнча атайын мамлекеттик комиссия түзүп, ал уюмдашкан  коррупциялык уюмдун ченгээлинде калган Кыргыз керек-жарак коомунун тагдырын оңунан чечип, сакталып турган элдик мүлкүн куткарып берүүнү Сизден суранабыз. Чыркыраган бул чындык турмушка ашса, эң оболу Жараткан жалгыз Кудай, жалпы кыргыз эли, Кыргызстан кооператорлору, көзү өткөн маркум кооператор аксакал-устаздарыбыздын арбагы Сизден ыраазы болоор эле!  (Бул кайрылуу катка Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун 25 жылдан бери карай коррупциялык ыкмада мыйзамсыз таланышы боюнча кыскача кабарлар жана оор тагдыры боюнча тарыхый кыскача фактылар хронологиясы тиркелди.)

 Кыргыз керек-жарак коомдор Союзунун 25 жылдык оор тагдыры

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзу эгемендик алган мезгил

Эгемендик 1993-жылы Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун (Кыргызпотребсоюздун, же мындан ары кыскача- КПСдун) балансылык  мүлкү, ошол кездин валюталык курсу менен эсептегенде, 1 миллиард АКШ долларын түзгөн. Анын: 418,1 миллиону Уставдык фонд, 50 миллиону Товар, 124,9 миллиону Пайщиктер фонду болгон. Ал эми, Негизги каражаты 319,0 млн. АКШ долларын  түзүп,  ага: 3612 дүкөн, 1326 ашкана, 160 айыл чарба азыгын даярдоочу контора, 63 өндүрүштүк комплекс, 236 соода-өндүрүштүк база, 2 санатория, 8 бала бакча, 35 курулуш-транспорттук мекеме кирген. Бул байлык  90 миңге жакын кооператорлорго, 900 миңдей пайщиктерге таандык жалпы коомдук мүлкү болгон.

1993-жылы 13-августа Өкмөттүн №367-токтому менен КПС кайра каттоодон өтүп,  уставынын 57-пунктунда: “Реорганизация: сляние, разделение, преобразование и прекрашение деятельности производиться по решению сьезда” деп, 58-пунктунда: “При ликвидации дел Кыргызпотребсоюза  и  решение вопроса о его имуществе Съездом или Советом создается ликвидационная комиссия” деп ачык, даана, так жазылган…

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзу (КПС) тонолгон мезгил

1996-жылы КПСдун 1 миллиард АКШ долларлык мүлкүн ээлеп алууга болгон аракеттер башталды. 1996-жылы Өкмөттө иштеген Т.Керексизов (эски кооператор)  4-мартта президент А.Акаевдин “О неотложных мерах по реорганизации системы потребительской кооперации” деген указын чыгартат. Анда “Создать Комиссию по реорганизации системы потребительской кооперации в целях преодоления кризисного положения, создания дейсвенной структуры, обеспечивающей эффективность финансово-хозяйственной деятельности системы в условях рыночной экономики” деген КПСду реформалоо милдети коюлат. Бирок, 1996-жылы 12-апрелде  бул указды аткарууда Т.Керексизов төрагалык кылган комиссия “КПС жөнүндөгү” мыйзамды,  анын уставынын №57, 58 пункттарын одоно бузуп, КПСдун Съездин же Советин  чакыруу оордуна 129 мекеме-уюм жетекчилерин жыйнап, ошол эле күнү: “КПСду ликвидация кылуу жөнүндө” жана “Кооперативдер Ассоциациясын түзүү жөнүндө” деген мыйзамсыз токтомдорду тар чөйрө жыйынында кабыл алууга жетишкен. Алар жеке менчик бул жаңы уюмун Өкмөттөн, Бишкек шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгынан каттатууну жасалма колтамгалар, Токтомдор аркылуу ишке ашырган (бул боюнча адистешкен мамлекеттик эксперттик мекемелердин бүтүмдөрү бар)…

Алардын кылмыштуу бул иш-аракеттерин караган Бишкек райондор аралык соту 2016-жылы 22-ноябрда:-“Признать недействительным Протокол собрания уполномоченных поотребительских кооперативов Кыргызской Республики от 12-апреля 1996 года за №1”;

– Признать недействительным Постановления собрания уполномоченных поотребительских Кыргызской Республики от 12-апреля 1996 года “о создании ассоциации кооперативов Кыргызской Республики” деген калыс чечимин чыгарган. Бул чечимди 21-апрелде 2017-жылы Бишкек шаардык соту да өз Токтому менен бекиткен. Жогорку Сотто алар чечимди буздурган.

Ошентип, мыйзамсыз уюмдашкан бул жаңы уюм мамлекеттик жаңы каттоодон (кайра каттоодон эмес)  1996-жылы өтүп, КПСдун  мүлкүн ээлеп алган (бул кылмыштуу фактыны ырастаган Бишкек шаардык жана Республикалык  статистика башкармасынын, Бишкек шаардык юстиция бөлүмүнүн каттары бизде бар). Бирок, мыйзамсыз жаңы уюмдашкан “Кыргызкоопсоюз” өзү жамынган президенттик указга ылайык эч бир реформалык иш да, элге, өлкөгө пайдалуу чарбалык иш да кылган жок. Тескерисинче, 1 миллард АКШ долларлык элдик мүлктү талап, тоноп, жеп, жок кылуучу коррупциялык уюмга айланды. Алар базар наркы 5-10 млн. АКШ долларлык базаларды, санаторияларды… болбогон 25-50 миң АКШ долларга сатып алышты. Учурда 15-20 млн. АКШ долларлык имараттарды да жегени турат…

  1. Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун кайра жаралуу мезгили

2010-жылкы революциядан кийин, 2011-жылы 25-февралда Кыргыз Өкмөтүнүн №46-р Буюртмасында КПСду жандандыруу демилгеси болгон. Анткени, Кыргыз Республикасынын улуттук статистика башкармасы жана Бишкек шаардык статистика башкармасы  берген расмий (биздин архивде сакталып турган) каттары боюнча 1926-жылы уюмдашкан  КПС ушул күнгө чейин эч кандай ликвидация болбогону, бирдиктүү мамлекеттик статистикалык эсепте (ЕГРСЕде) катталып, сакталып турганы аныкталган.

Өкмөттүк  жумушчу топ “КПСду кайра жандандыруу боюнча” Кыргыз Өкмөтүнүн  Токтом долбоорун (биздин архивде бар) даярдап, 2011-2013-жылдары Өкмөтүк жыйындарда талкууланып, министрликтер, ведомостволор колдогон бүтүмдөрүн алган (көчүрмөлөрү биздин архивде бар). Бирок, Өкмөт башчылар (Ө.Бабанов, Ж.Сатыбалдыев, Ж.Оторбаев, Т.Сариев, С.Жээнбеков) тез-тез алмашылып, бул Токтом кол коюусуз калып калган…

2017-жылы Өкмөт башчы С.Жээнбеков ЖКда отчет берүү учурунда КПСду кайра жандандыруу маселесин колдоорун билдирген.  Ага шыктанган  кооператорлор   аймактарда съездерин өткөрүп, салттуу-нарктуу эски системаны  кайрадан  уюмдаштырууга  жетишкен.

Натыйжада, 2017-жылы  25-майда Бишкек шаарында КПСдун кезексиз XVI съезди өтүп, бүт аймактардан 112 делегат катышып, устав боюнча Совет, Башкармалык  шайланган.

4.Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун 2018-2022-жылга өнүгүү концепциясы

Кыргызстан агрардык өлкө, анын 70-80% эли элетте жашап,  чарбасы, тиричилиги, турмушу, социалдык абалы   айыл-чарба  менен тыгыз байланышкан. КПСдун эң алгачкы  уюмдашуу  уставдык  башкы максаты да элет элин  чарбалык-социалдык  жактан колдоо, кызматташуу, тейлөө болгон. Бул уставдык милдеттер өнүгүү  концепциянын өзөгүн түзөт жана концепциялык максаты төмөнкү өнүгүү программаны  өлкөдө чечүү болуп саналат.

5.Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун  2018-2021-жылдарга өнүгүү программасы

  1. КМШ өлкөлөрүнүн баарында (бизден башка ) улуттук керек-жарак коомдор союзу иштеп турат. Алар менен салттуу алаканы чыңдоо, экспорт-импорттук келишимдерди  түзүү;
  2. Бүткүл Дүйнөлүк Кооперпациялык Альянс менен байланышуу, кызматташуу, грант алуу;
  3. ЕАЭС, КМШ менен бирдиктүү соода-сатык, экспорт-импорттук интеграция мейкиндигин калыптандыруу. Кыргызстандында өндүрүлгөн айыл-чарба азыктарын, кайра иштетүү, товарды экспорттоонун  план-келишимдүү системасын, туруктуу механизмин түзүү;
  4. Кытай Эл Республикасынын “Жибек Жолу программасы” алкагында кызматташуу, “логистикалык борборлорду” уюштуруу боюнча финансылык-техникалык гранттарды алуу;
  5. Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте“Кыргыз керек-жарак коомдор союзу жөнүндө” мыйзамдын долбоорлоо жана ЖКда кабыл алдыруу;
  6. Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте “Биримдик, Ишеним, Жаратмандык” программасын турмушка ашыруу,  ЕАЭСтин ичинде “кыргыз-улуттук рыноктун” тарыхый ордун табуу;
  7. Аймактык мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү кеңештер, айыл өкмөттөр менен иштешүү, дыйкан-фермердик чарбаларды ыктыярдуу бириктирүү, ирилештирүү-кооперациялоо,  жергиликтүү рыноктордо “дыйкан базарларды” пландоо, уюштуруу, иштетүү.

                6.Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун жаңы мүлк саясаты
          1996-жылда мүлктү мыйзамсыз ээлеп алган “Кыргызкоопсоюз”  эч бир чарбалык иш-аракеттерди  жасаган жок. Тескерисинче, КПСдун мүлктөрүн  жеке менчикке сатуунун коррупциялык схемаларын  аткарып келди. Көп мүлк талаштар, жүздөгөн соттошуулар болду. Учурда да КПСдун мүлкүнө болгон  кыянатчылык  иштер дагы да болсо улантылып келүүдө.

Мындай коррупциялашган оор шартта кайра жаралган КПС мүлккө болгон өз саясатын тынч-бейпил,  жаңжалсыз,  өтө либералдуу жана мыйзамдуу жүргүзүүнү көздөп турат.

Башкача айтканда, КПСнун мүлк саясаты  Кыргыз Өкмөтү менен биргеликте иштелип чыккан, ЖК кабыл алган  “Кыргыз керек-жарак коомдор союзу жөнүндө” мыйзамдын  негизинде ишке ашырылат. Бул мыйзам боюнча КПСдун 1996-жылкы балансалык мүлкү ушул күндөгү менчиктик абалына карата 3 кө бөлүнүп каралат:

      1-категориядагы “кызыл  мүлктөр”:  буга чейин жеке менчикке сатылып, мыйзамдашып кеткен кооперация мүлктөрү кирет. Андай мүлктөр Конституция негизинде жеке менчик мүлктөр катары, КПС тараптан таанылат.

        2-категориядагы “сары мүлктөр”: буга азыркы учурда талаш-тартышка түшүп, соттор тараптан  ээлик кылуу маселеси  чечилип жаткан мүлктөр кирет. Андай  мүлктөрдүн ээси ким болоорун соттор чечишет. Соттун калыс чечимине  КПС толук  макул болот.

         3-категориядагы “жашыл мүлктөргө”: азыркы учурда сатылбастан, эмгек жамааттары тараптан кармалып, сакталып турган  КПСдун эски мүлктөрү кирет. Мындай мүлктөргө 1996-жылга чейин жана адан бери карай  КПСга, анын мурунку областык, райондук, айылдык керек-жарак коомдоруна таандык болуп келген  кеңселер, кампалар, складдар, базалар, темир жолдор,  санаториялар  ж.б. бөлүнбөс кыймылсыз мүлктөр кирет.

“Жашыл  мүлктөр” жаңы чыккан мыйзам аркылуу Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун менчик мүлкү катары таанылат жана бул  Концепциялык программага  ылайыктуу  жаңы Логистикалык Борборлорду уюштурууда  материалдык-чарбалык  база болуп берет.

 

    Кыргыз керек-жарак коомдор союзунун

    Советинин төрагасы                                                                            Б.Темишов       

    Башкармасынын  төрагасы                                                        Д. Мамаджанов     

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: