Menu

ФС-1 препараты менен эсти чыгарган уюшкан топ качан жоопкерчиликке тартылат?

Бөлүшүү:

Кыргызстанда “ФС-1” деген препарат кайдан жайдан пайда болуп, кургак учук менен ооруган адамдарга клиникалык сыноо жүргүзүлгөн. Тилекке каршы, эки бейтап каза болуп, ондогон адамдардын ден-соолугу ого бетер бузулган. Муну адистер байкап калып, анын мыйзамдуулугун жана дарынын курамын текшеришкен. Көрсө курамы жалаң йод экен. Ал эми йод кургак учукка таптакыр каршы келген элементтердин бири болуп саналат. Эми уруксаатты ким берген деген маселеге келели. Ызы-чуу жараткан дарыны сыноодон өткөрүүнү Казакстандын “Инфекцияга каршы препараттар илимий борбору” менен Кыргызстандын Фармакология комитети макулдашкан. Ал учурда аталган комитетти Медакадемиянын экс-ректору А. Зурдинов жетектесе, орун басары медицинада ар кандай чыр чатактары менен атагы чыгып келе жаткан Гүлбара Кулушева болгон. Бул препаратка мына ушул экөө уруксаат бергендиги айтылып келген. Ал эми кечээ жакында бул боюнча дагы башка жагдайлар ачыла баштады.

Элдин эсин чыгарган “ФС-1” дарысынын уруксаат кагазына аталган комитеттен тышкары, дары дармек департаментинин жетекчисинин орун басары Руслан Акматов да кол койгондугун жергиликтүү басылмалар байма-бай жаза баштады. Эмне себептен, ушул күнгө чейин анын уруксаат бергендиги көмүскөдө калып келген? Себеби, А. Зурдинов, Г. Кулушева, Р. Акматовдор эчактан эле бир команда болуп, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп, “карга карганын көзүн чукубайт” таризинде, бири-бирин коргоп, колдоп келишкени эми гана ачыкка чыга баштады. “ФС-1’-бул дарыга кошулбайт, ал биологиялык активдүү кошулмалар классына жакын. Йод, калийдин йодиди – бул ФС-1дин негизги курамы. Бул элементтердин маанисин билүү үчүн А. Зурдинов түзгөн КРнын негизги дары-дармек каражаттарынын формулаларын карап чыкса эле баары түшүнүктүү болот. Анткени, ал формулярды карасак, ФС-1дин курамы жалаң кургак учукка каршы көрсөтүлгөн элементтерди камтыйт. Демек, аталган дары 90 пайыз йодит болуп саналат. Демек, “ФС-1” кургак учук менен ооругандар үчүн колдонулбай тургандыгын булар эң жакшы билишкен.

Тилекке каршы, мына ушуну билип туруп, уруксаат берип, токтом токуп жиберишкен. Бул дарыга уруксаат алыш үчүн Казакстан тараптан келген өкүлдөр 300 000 доллар беришкен, А. Зурдинов жеке өзү да 50 000 доллар алыптыр деген күбүр-шыбырлар тар чөйрөдө айтылып жүрөт. Анткени, өзү түзгөн формулярда айтылган дарынын курамындагы элементтер (кургак учукка болбойт) боюнча каршы көрсөтмөлөрдү берип, бирок ага карабай, кайра тескери иш жасап, бланкты жасалмалоо менен уруксаат берип атса, бул жерде коррупциялык корүнүш бар экендиги кимге болбосун деле айдан ачык көрүнүп атпайбы!

А. Зурдиновдун мындай жосунсуз жоругун Г. Кулушева менен Р. Акматовдор эмне себептен колдогон, демек, бул жерде биргелешкен жемкорлук болгонбу деген шекти ого бетер күчөтөт. “ФС-1” дарысы биздин чек ара постунан өткөн эмес, контрабандалык жол менен алынып келинген. Мына ушундай жол менен келген дарыга, анан да курамында кургак учукка каршы көрсөтмөлөрү бар препараттын ак карасын ылгабай туруп, Руслан Акматов, А. Зурдинов жана Г. Кулушеванын уруксаат берип жибериши, медицина тармагына көлөкө түшүрүп, жалпы саламаттыкты сактоо тармагына сөз тийгизди, Ал эми Башкы прокуратура бул иш боюнча аэырынча үн ката элек. Демек, иш токтоп турат. Жогорудагы ачык мисалдар иштин чоо жайын териштирүүгө, бул жердеги коррупциялык элементтерди аныктоого жетишеби? Башкы прокуратурага мындан башка дагы кандай далилдер керек? Иштин жабылышы А. Зурдинов менен түздөн түз байланыштуу болбосун? Андай да болушу толук мүмкүн.. Себеби, А. Зурдинов ошол кездеги Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын атасы менен дос деген да кептер бар. А. Зурдинов, Г. Кулушева, Р. Акматовдун өзүм билемдик менен уруксаат бере салуусу чектен чыккандык болуп эсептелет. Фармокологиялык комитет  ошол бланкты да жасалмалагандыгы интернет сайттарда сүрөтү менен бажырайып илинип турат. Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Президент коррупцияга каршы күрөшүүдө эч кимге, эч кандай аёо болбойт деп эскертти. Демек, бул адамдардын жоопкерчилиги каралууга тийиш. Анткени, “ФС-1” препаратынын бизге мыйзамсыз кирип кетишинин өзү коррупция жыттанат. Мына ушундай фактыларга карабай Г. Кулушева депутат Аида Исмаиловага кеңешчи болуп кирип алып, эми дары тармагын тейлеген мекемеге жетекчи болуп келип, өзүм билем саясатын жүргүзгөнү жатыптыр.

Р. Акматов жана А Зурдинов да командасындагы адамды колдоп, чырактарына май тамып жатса керек. Эми булардын ишин укук коргоо органдары ыкчам иликтеп, мыйзамдык баа бербесе, саламаттыкты сактоо тармагына абдан чоң көлөкө түшүп калышы ыктымал. “Кыңыр иш кырк жылда билинет”. “ФС-1″ препараты кургак учук менен ооруган адамдарга клиникалык сыноо жүргүзүлүп, аягы адам өлүмү менен аяктаган. Ошондой эле, Г. Кулушева “Тонгкат Али” биокошулмасын кантип (дары катары каттатып салыктан бошотуп жибергендигин, мындан өлкө экономикасы канча зыян тарткандыгын такташса, укмуштуудай фактылардын башы кылтыйат. Ал эми Р. Акматов дары мекемесинин түштүк филиалын жетектеп турганда көзгө көрүнөөрлүк иш кыла алган эмес дешет талдоочулар. Андан департаменттин жетекчисинин орун басары болду. Тилекке каршы, Г. Кулушева менен А. Зурдиновдун командасына баш ийип, “ФС-1” препаратына уруксаат берүүчүлөрдүн ана башында тургандыгы далай иштерден күмөн жаратат. Андыктан, текшерүү органдары кылдат иликтеп, орун басардын бул орунга татыктуулугун да карап чыгуулары абзел.

Бакыт Карачалов

Булак: Ачык Саясат

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: