Menu

Фарид Ниязовдун баскан жеринде чөп чыкпайбы?

Бөлүшүү:

Кийинки учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы ысык мамиленин суушу, пикир келишпестик, таасир талашууга байланышкан түркүн жоромолдор айтылып токтобой келет. Деги эле мурда-кийин ынак мамиледе жүргөн достордун ымалалары келишпей калышына мансап, байлык, таасир талаш эле жарака кетирдиби же ортодо сасык оюн жүргүзгөн куйтулардын дагы кесепети тийдиби деген суроо ачык бойдон турат.

Ырасында, эки адамдын мамилесинин бузулушуна “котур ташын койнуна каткандар” себепкер болоору талашсыз чындык. Бул байлык, бийлик бар жерде илгертен келе жаткан көрүнүш. Кандай доор, кандай жагдай болсун досту кас кылып, жакынды алыс кылып мамилеге жарака кетирип шынаа каккандар сөзсүз чыгат. Бирок андайлар канчалык кылганын жашырып, артын тазалабасын көзгө чалдыкпай койбойт. Эл баарына тараза. Ар кимдин кыймыл-аракети, сүйлөгөн сөзү аркылуу баамдап, баасын берип коёт. Мына учурда Атамбаев менен Жээнбековдун ортосуна бүлүк  салган «кара мышык» Фарид Ниязов экени коомчулукта кенен сөз болуп келет. “Калк айтса калп айтпайт” демекчи, мындай сөздөрдүн чындыгы бар.

Мына Алмазбек Атамбаев өзү баш болуп сүрөөнгө алып, Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланганда КСДП калпагын көккө ыргытышып катуу майрамдашкан. Анда ортодо ажырым, нааразычылык жок эле. Иштин баары ойрондой баштаган учур Фарид Ниязовдун президенттик аппараттын башчысы болуп келгенден башталды. Жаңы шайланган президент менен Фариддин пикири, көз карашы такыр келишкен жок. Натыйжада Жээнбеков Ниязовду өзүнөн оолак тутуп, ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул жагдай Атамбаевдин учурунда баарын чечип, буйрук берип көнүп калган Фаридге катуу тийди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы мурункудай имерем деген ою дагы ишке ашпай, КСДП фракциясынын жыйынында депутаттардан кагуу жеп, ит талаган түлкүдөй болду. Бул жагдай ниетин карайтып, өч алууга түрттү. “Жаман катын кетем деп коркутат” болуп, кызматтан кетем деп арыз жазды. Жөн кетпей, «мен кетсем парламент көзөмөдөгөн эч ким болбой, президенттин иниси Асылбек Жээнбековдун таасири өсүп кетет» деген «арам ой» менен «мандатын тапшырсын» дедиртип Мээрбек Мискенбаевдерди уюштуруп, шоу жасап, коомго тескери реакция жаратты. Мындай жеке керт башынын ызаасы үчүн экс-президент Атамбаевге тескери бурмалаган маалымат жеткирүү аркылуу президент Жээнбеков менен болгон мамилесине доо кетирди өңдөнөт…

Сыягы, Атамбаевдин учурундагыдай эле баарын башкарам деген ою Жээнбековдун тоскоолдугуна кабылышы күйгүлтүккө салып, мурдагыдай таасирин сактай албай калганына ичи ачышып, ызага муунган неменин көрө албастык «оорусу» козголуп кетти көрүнөт. Аппарат башчылык кызматты – эл, мамлекет үчүн эки лидерге данакер, ырашкерлик үчүн эмес, бузукулук тепкич катары колдонду.

Негизи эле өзүмчүлдүк текеберлиги КСДПнын ичине ажырым салган жоругунан белгилүү болгон. Башкача айтканда, партиянын башынан бери келе жаткан, кыйын күндө Атамбаевге бел болгон бараандуу мүчөлөрүн саясий кеңештен чыгартып, өзүнө ыңгайлуу адамдарды киргизгенде эле билинген. Ошондо эле КСДПдан ырк кетип, нааразычылыктын учкуну жаралган. Эми ошол жарака тереңдеп, Жээнбеков менен Атамбаевдин тирешине жетти…

Айтор, иритки салган кумалактар ар доордо чыгат тура. Жеке керт башынын мүдөөсү үчүн КСДПнын туусун которгон эки лидерди каршылаштырып, партиянын ичине жик салды. Мындайды өзүн гана ойлогон кутумдар жасайт. Мен гана болсом деген өзүмчүлдүк акыл-эсти тумандатып, көздү май бастырат тура. Фарид Ниязов жалаң өзүм деген кыянатчылыгынан татыктууларга бут тосуп, өзүн-өзү сыйлыкка көргөзүп «Манас» орденин алган жоругу менен да далилдеген.

Кыскасы, азыркы чыңалган саясий абалга Фарид Ниязовдун күнөөсү опол тоодой десек жарашат. Баскан жеринен чөп чыкпай турганын айгинеледи.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: