Menu

Камактагы саясый туткундар актала турган күн барбы?

Бөлүшүү:

Бул апта камактагы саясий туткундардын тагдырына күйүп-бышыл өтүп кетет окшойт. Дегенибиз, Жогорку сотто катары менен алардын даттануулары карала баштады. Апта башында Кубаныч Кадыров, Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков, Дастан Сарыгуловдун иши карала баштап, ага 7-июнда чекит коюлат өңдүү. А кечээ болсо, сан даярдалып жаткан убакта Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин карап жаткан. Кезекте Бекболот Талгарбеков, Марат Султанов, Төрөбай Колубаев башында турган “Элдик парламент” уюмунун камактагы лидерлеринин соттук териштирүүсү турат.

Биз буга чейин да жогоруда сөз болгон саясатчылардын кылмыш ишине изилдөө жүргүзүп, сот процесстерин үзгүлтүксүз чагылдырып келе жаткан басылма катары бул үч топ тең саясий негизде камалып олтурганын жазганбыз. Баары бир гана себептен камакка алынган – алар Атамбаевдин бийлигин туура негизде сындап, куугунтукка кабылышкан. Тагдырдын тамашасын карасаңыз, эми бул адамдарды азапка салган адамдар айланып келип, өздөрү булардын ордуна олтуруп калышы мүмкүн болууда. Кызыл кекиртек далай жерге секиртет экен да көрсө.

Кечээ Жогорку сотто Садыр Жапаровдун сотунда саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов сөз алды. Ал убактылуу абакта (СИЗО-1) Садыр Жапаровдун көзүн тазалоо аракети болгонун баяндап берди. “Казахстан менен чек арада Садыр Жапаровду беш миң милиционер, спецназ тосуп алды. Чек арадан бирге өтүп келдик. Бардыгыбыздын паспортторду алып коюшкан. Бизди тосуп алган адамдар өздөрүн журналист катары тааныштырып, Садырга карата кылмыш иши козголбогону, ал жөн гана күбө катары өтөрү жөнүндө билдирме каттар бар экенин айтышты. Садыр аларга кол коёру менен күбөдөн айыпталуучуга айланып, колуна кишен салынды. Мунун баарын алдын-ала даярдап коюшканы билинип эле турду. Андан кийин абакта Садырдын мойнун, колдорун кесишти. Барсам, киргизбей, көпкө созушту. Акыйкатчы институтунан келишкенде гана кирдим. Сүйлөй албай калган экен. Бирок, ата-энеси, балдарынын аманчылыгын сурады. Өзүн эмне кылса да мейли, бирок балдарына, бир туугандарына тийишпесин айтып коюмду суранды. Абакта аны өлтүрүүгө даярдык көрүлгөн. Ал кантип эле өзүнүн мойнун кесип, анан колдорун кесүүгө өтө алат? Чындык баары бир чыгат. Абакта олтургандар да бул окуядан кийин Садырдын чыныгы абалын билишип, сыйлап калышты”,- деди адвокат.

Андан кийин сотто Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы Эмилбек Каптагаев көрсөтмө берди. Эске салсак, Биринчи май райондук соту С.Жапаровго дал ушул кишини уурдап, коркутканы үчүн айып тагып, 11,5 жылга абакка кесип ийген. Ошондон кийин Э.Каптагаев өзү да шаардык сотко кайрылып, С.Жапаровдун эч күнөөсү жок экенин, ал акталышы керектигин айткан. Бирок, шаардык сот биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырып койгон. Кечээ да Эмилбек Каптагаев өз позициясынан тайбай тургандыгын, С.Жапаровдун күнөөсүн далилдеген бир да факт жоктугун билдирди.

Жогорку соттун чечими бүгүн, сиздер газетаны окуп жаткан маалда чыгаары күтүлүүдө. Абактагы саясий туткундардын сот процесстери тууралуу сөздү кийинки санда улантабыз.

Булак: “Майдан

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 43 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: