Menu

Жалал-Абадда адам сатууга каршы иш чаралар күчөтүлдү

Бөлүшүү:

Эми Жалал-Абад шаарындагы бардык мекеме-ишканаларда, коомдук бирикмелерде, маалымат таркатуу кызматтарында адам сатууга каршы ар кандай расмий, коомдук иш-чаралар күчөтүлөт. Ал эми аймактарда мурда болуп келген миграция кызматтары кайрадан иштеши керек. Бул тууралуу Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад шаардык координациялык кеңешинин кезектеги отурумунда айтылды.

Координациялык кеңеште шаардагы мектептерде, жаштар жана ата-энелер арасында адам сатуу көйгөйлөрү улам күчөп баратканын жана бул көйгөй ар бир адамга, үй-бүлөгө байланыштуу болуп калышы ыктымалдыгын түшүндүрүү, жаштарды зордук-зомбулуктардан сактап калуу боюнча алдын ала чараларды чогуу жүргүзүү жагы талкууланды.

Биринчи кезекте мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында коомчулуктун, атайын адистердин, коомдук бирикмелер менен дин уюмдарынын, маалымат таркатуу кызматтарынын өкүлдөрү менен чогуу иш алып баруу, тийиштүү маалыматтарды элге туруктуу жана кеңири жеткирүү чараларын камсыз кылуу боюнча координациялык кеңештин мүчөлөрү бир пикирге келишти.

Талкуу учурунда аймактарда мурда миграция кызматтары иштеп, эл арасында тийиштүү чараларды жүргүзүп келгени, кийин алар жоюлуп кетип, азыр бул милдетти конкреттүү бир дагы кызмат же кызмат адамы жүргүзбөй жатканы айтылды. Кала берсе, атуулдар миграция боюнча так маалыматтарды кимден, каерден  алууну билишпейт. Ошондуктан, жогорку бийлик органдарына бул кызматты аймактарда кайра иштетүү талабын берүү сунушталды.

Координациялык кеңештин мүчөлөрү быйылкы экинчи жарым жылдыкта жүргүзүлүүчү иш-чаралардын планын талкуулашып, бир катар кошумча сунуш-пикирлер менен бекитишти.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтому менен Адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча Жалал-Абад шаардык координациялык кеңеши түзүлүп, анын жобосу жана курамы бекитилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: