Menu

“Манас” аба майданын куруткан Чукуев Атамбаевдин досу экен

Бөлүшүү:

Кыргызстандын аба дарбазасы болуп саналган “Манас” аэропортунун тегерегинде көп эле нааразычылык сөздөр айтылып келүүдө. Эл аралык деп аталган менен ошол талапка жооп бербегенден тышкары да (залдары тар, ажатканаларында жөнөкөй тазалык, гигиеналык эрежелер сакталбайт) кызматкерлери өтө орой жана маданиятсыз, сырттан учуп келген жүргүнчүлөрдү кабагана кар жаап тосуп алышат. Ал эми аэропортко бирөөнү узатып барганда машинаң 15 минутадан ашык туруп калса 60 сом төлөйсун. Кыскасы, жергиликтүү эл болобу, чет элдик туристтерби, эбин таап акча дооламай болуп калган. Ушул башкы аэропортубуздагы шылуундук депутаттар тарабынан да көтөрүлүп, жетекчиси Эмир Чукевге бир топ дооматтар айтылды. Эн оболу ички каттамдарга билет баасы кутургандай көтөрүлуп кеткен. Анткени эл аралык каттамдардан тышкары Ош жана башка ички каттамдар да Түркиянын “Pegasus Airlines” компаниясына берилип кеткен. Натыйжада салонуна 200гө чейин жүргүнчү баткан бул компанияга туруштук бере албаган бир нече жергиликтүү ишканалар жоюлуп кеткен. Алгач түрктөрдун учагында билет баасы арзан болору айтылып, элдин башын айландырып, азыр монополист болуп алган сон, каалаган бааны коюуда. Э.Чукуев ар бир жүргүнчүдөн бир авиабилетке 15 АКШ доллардан бааны кошуп, бир жылда 2 млрд сом “шабашка” иштейт экен. Кесиби агроном, экс-президенттин бул досунун ишмердүүлүгүн УКМК иликтесе бир топ эле эл менен мамлекеттин ырыскысын жеген былыктар ачыкка чыкчудай.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: