ИИМ министринин орунбасары Данияр Абдыкаров кызмат өргүүсүнө чыгыптыр. “Эс алуудан келгенден кийин биротоло иштен айдалат” деп жатышат.
Бирок анын Матраимовдор менен жакшы экенин билебиз. Кызматынан кетпеши да мүмкүн. Кандай болгон күндө да, Абдыкаровдун дарегине бир топ тескери сын-пикирлер айтылып келди. Эми анын мындан ары иштешине моралдык укугу деле калган жок. Анын үстүнө анын таасири учурда төмөндөп калды. Анын ордуна келүүгө, Ош облустук милиция башчысы, каракулжалык Малик Нурдинов аракеттенип жатканын кулагыбыз чалды. Бирок Нурдинов түндүктө иштей албайт. Анткени ал, Ош менен Жалал-Абаддан башка жерге иштеген эмес. Кичине алды-артын ойлош керек. Бул жактын эли башка, зөөкүрлөнсө коркуп калбайт…
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ