Menu

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы менен Циндао декларациясына кол коюлду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 10-июнда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков катышкан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы менен төмөнкү документтерге кол коюу аземи өткөрүлдү.

1.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Циндао декларациясы.

2.ШКУга мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү жакшы кошуналык, достук жана кызматташуу тууралуу Макулдашуусунун жоболорун аткаруунун 2018-2022-жылдарга карата иш аракеттер планын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

3.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы туруу кызматташтыгынын 2019-2021-жылдарга карата Программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

4.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023- жылдарга карата Баңги заттарга каршы стратегиясын жана аны аткаруу аракеттери жөнүндө Программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

5.Шанхай кызматташтык уюмунун психотроптук жана баңги заттарын ашыкча колдонуунун алдын алуу боюнча Концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

6.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугу боюнча кызматташуу Программасынын долбоорун иштеп чыгуу тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

7.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин айлана чөйрөнү коргоо тармагында кызматташуу Концепциясын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

8.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусунун жоболорунун аткарылышы боюнча аракеттер Программасын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

9.Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жылдагы ишмердүүлүгү туурасында Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын Докладын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

10.Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн Кеңешинин Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн 2017-жылдагы ишмердүүлүгү туурасында докладын бекитүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

11.Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол коюу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими. (2018-2022-жж.).

12.Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы туурасында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

13.Шанхай кызматташтык уюмунун регионалдык антитеррористтик түзүмүнүн аткаруу комитетинин директору жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин чечими.

14.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын жаштарга биргелешкен кайрылуусу (кол коюусуз кабыл алынат)

15.Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында эпидемия коркунучтарына биргеликте каршы туруу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

16.Соода жол жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү (кол коюусуз кабыл алынат).

17.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы туурасында маалыматтык билдирүү (кол коюусуз кабыл алынат).

Мындан тышкары  Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынынын алкагында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы экономика жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин ортосунда Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кичи, чакан жана орто ишкердик тармагында стимул берүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

2.Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын ортосунда озон катмарын бузган заттарды трансчекаралык ташуулар жөнүндө маалымат алмашуусу тууралуу Меморандум.

3.CENcomm RILO-МОСКВА оперативдүү каналы платформасын колдонуу менен ишке ашырып жаткан байланыш пункттарынын күнү түнү өз ара маалыматтык көмөктөшүү регламенти.

4.2019-2020-жылдары туризм тармагында кызматташуу боюнча программаны  ишке ашыруу  тууралуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биргелешип аракеттенүү Планы.

5.Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосундагы кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум. (2018-2022 жылдар).

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: