Menu

Кудайбердиева билим менен алектенбей, тышкы мамилени жөнгө салып калганбы?

Бөлүшүү:

Түрк элчиси Женгиз Фират Караколдун мэри менен жолугуп, ага Балыкчы шаарына жаңы “Сапат” кыргыз-түрк лицейине каршы экенин айтканын жарыялап чыкты. Көрсө, түрк туугандарыбыз чын эле Каракол мэрин Ысык-Көл губернатору менен алмаштырып алышыптыр. Бул го боло берет, коногубузга кечиримдүү. Эми биздин Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиеванын опурулганына кандай баа беребиз? Министрибиз жылан чакпай, жылкы теппей эле “түрк элчисине түшүндүрмө” деп чыкса болобу. Элчиге “жок, эч кандай мектеп курулбайт деп” деп отчёт бергени кызык болду. Кымбаттуу министр айым, сиз качантан бери тышкы саясатты жүргүзүп калдыңыз эле? Элчиге тийиштүү жоопту Тышкы иштер министрлиги кайтарарын билбейсизби? Ага “объяснительная” жазып, сиз биздин эгемендүүлүгүбүзгө шек келтирип атканыңызды түшүнбөсөңүз, кыргыз өкмөтүнүн мүчөсүмүн деп кайсы арыңызга отурасыз? Билим берүү министрлиги тышкы саясатка да жооп берип калганбы?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: