Menu

Данияр Абдыкаров түн ичинде жашыруун чет өлкөгө кире качтыбы?

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров 3-июнь күнү түнкү саат 3тө Кордайга кирип, коңшу Казакстандан Алма-Ата – Анталия рейси аркылуу Түркия өлкөсүнө чыгып кеткен.

Коомчулукта Абдыкаров ИИМ тармагынын “серый кардиналы” катары кадрдык чалмакейди чалып келгендиги менен белгилүү. Учурда экс-премьер баш болгон, буга дейре жогорку кызматта иштеген жетекчилерге кылмыш иши козголуп, камакка алына баштаар замат Данияр Абдыкаров да бир нерсени сезгенби, дароо эмгек өргүүсүнө чыга коюп, чет өлкөгө “чуу” койгону маалым болду. Мыйзам боюнча, министрдин орун басары эмгек өргүүсүндө чет өлкөгө чыгыш үчүн жетекчиликтен уруксат алып чыгуусу керек. Ал эми бул ойрон чет өлкөгө чыгуусун министр Кашкар Жунушалиевге кабардар кылбай, өзүм билемдик менен чыгып кеткени кандай? Ички иштер министринин орун басары катары анда “купуя сырды” алып жүрүү боюнча жоопкерчиликтүү милдет бар. Ошондо “самопал генерал” атыккан эргул чет өлкөгө өлкөбүздүн сырын ачканы кеттиби?

Министрдин орун басары катары ал ИИМ системасындагы “купуя сыр” боюнча комиссиянын төрагасы экени белгилүү. Мындай кызматтык ыйгарым укугуна таянып, өз кезегинде ушул эле Абдыкаровго окшоп чет өлкөгө уруксаты жок чыгып келген милициядагы ондогон кызматкерле кызматтарынан алынганынан милициядагы ар бир кызматкер кабардар аргасыз ой кетет, ошолорго иштеген мыйзам Данияр Абдыкаровду өзүнө иштебейби? Жолдош министр Кашкар Астаканович, Кыргызстанда мыйзам баарына бирдей иштеш керекпи? Же Абдыкаров бийлик алмашса деле каалаганын кыла берс болобу? Дегеле ИИМ системасынын атын булгаган мындай ээнбаш “самопал генералга” сурак болобу? Амалы алты эшекке жүк болгон муну акырын Казахстан аркылуу чет өлкөгө кире качтыбы? Урматтуу министр Кашкар Астаканович, мындай маалыматтардан соң өзүңүз үн ката аласызбы? Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев эмнеге Данияр Абдыкаров боюнча өзүнүн пикирин билдире албайт? Анын буга чейинки былыгы басма сөз беттерине тынбай жарыяланып турбадыбы. Эгерде Данияр Абдыкаровдун бул жолку ушундай аракеттерине карата адилеттүү бааңарды бере албасаңар, анда милициядагы жүздөгөн кызматкер ушундай иштер боюнча президенттин өзүнө кайрылууга аргасыз болмокчубуз.

ИИМдин офицерлери

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: