Бүгүн, 11-июнда Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп, анда шаар мэрин жана шаардык кеңештин жаңы төрагасын шайлоо болуп өттү. Шаардык кеңеште жакын арада эле түзүлгөн “Үлгүлүү шаар үчүн” көпчүлүк коалициясы тарабынан шаар мэринин кызматына буга чейин шаардык кеңештин төрагасы болуп иштеп келген Мураталы Тагаевдин, ал эми “Ата-Журт” фракциясынан фракциянын лидери Шайырбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.
Шайлоонун жыйынтыгында жеңип чыккан Мураталы Тагаев Асилбек Жээнбековдун кудасы болуп чыкты.
https://www.youtube.com/watch?v=kUulFhD1D-0&feature=youtu.be
Булак: Next TV
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ