Menu

Өзбекстан жарандарына жасалма паспорт жасагандардын иши тергелип бүтө элек

Бөлүшүү:

Ошто Өзбекстан жарандарына жасалма паспорт бергендердин иши дагыле тергелип жатат. Бул туурасында Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев билдирди.

– Алай районундагы айылдык паспорт-виза каттоо бөлүмчөсүнүн башкы адиси К.А. жасалма документ бергенге шектелип, анын үстүнөн териштирүү кызыды. Анткени, К.А. 2011-жылдын февраль айында расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизип, Өзбек Республикасынын жараны, 1982-жылы туулган Ш.М. аттуу аялга “Ош облусунун Алай районунун тургуну, улуту кыргыз. Аты-жөнү М.М.” деп өзгөртүп, 2011-жылы 17-февралда Кыргызстандын жалпы жарандык паспортун тууралаган. Ушундай эле кылмышка Ош шаардык паспорт-виза каттоо бөлүмүнүн кызматкери С.К. даты айыпталып жатат. А дагы өзбек жаранына аты-жөнүн, улутун өзгөртүп, мамлекеттик документти колуна карматкан, – деп кошумчалады басма сөз кызматынын өкүлү.

Ушул тапта санакталган эки фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары кызуу жүрүп жаткан чагы.

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: