Казакстанда мындан ары июлдун алгачкы жекшембиси Улуттук домбыра күнү катары белгиленет.
Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевдин Улуттук домбыра күнүн белгилөө тууралуу жарлыгы 13-июнда жарыяланды.
Жарлыкта бул күн “коомду улуттук маданиятты жана иденттүүлүктү сактоо жана кайра жаратуу идеасынын алдында бириктирүү максатында” киргизилгени айтылат.
Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ