Menu

Анжелика: Марат Назарбеков менен инсаний мамиледе жүрөм…

Бөлүшүү:

Бу саам «Анжеликанын күңдөшү» делген Марат Назарбековдун мурдагы жубайы ырчы кызды коркутуу-үркүтүү амалына салып атканы тууралуу соцтармакта жайылып кетти. Чоо-жайын тыңдап көрөлү.

-Саламатсыңбы Анжелика, сен тууралуу коомчулукта айтылган кептер ар кандай пикирлерди жаратууда. Акырына чыгып чекит коюлабы?

– Саламатчылык. Ыйык орозо айы менен сиздердин жамаатты, баардык окурмандарды куттуктагым келет. Ал эми мени ого бетер «жылдыз» кылган темага кайрыла турган болсок, албетте, өкүнүчтүү. Балким маңдайыма ушул нерсе жазылгандыр. Жарым жылдан бери ушул ушактар токтобой келе жатат. Марат Назарбеков аттуу мырзанын мурдагы жубайы мени күнөөлөп атат. «Марат менен Анжелика сүйүү мамиледе…» деп, ар кандай кептерди таратууда. Ар бир нерсенин өз убагы бар, чекит коюлса керек…

– Ошондо Марат менен мамиле курганың чынбы?

– Иш боюнча, инсаний мамиледе экенибиз чын. Бирок, сүйүү мамиледе эмеспиз, болгон да эмес. Бул Назаркуловдун мурдагы аялынын эле чыгарган кеби. Себеби, ошол убакта биз жолдошум Урмат экөөбүздүн ортобузда ажырашуу процесси жүрүп жаткан. Ал айым менен эч бир жакын тааныштыгым жок. Мага ар кандай коркутуу СМСтер, чалуулар менен кайрылган. Анда ал «мен сенин эл караган бетиңди жер каратам, баардык күйөрмандарың сени жек көргөндөй кылам. Марат менин айткандарымды аткарышы керек. Мен алардын үй-бүлөсүн чөгөлөтөм» деп жазгандары бар. Бул эми акмакчылык да. Кандайдыр бир эгоисттик максаттарга жетиш үчүн, балдарын бетине кармап, ошол балдардын атасын жамандоо – чыныгы аялдык сапатка жатпаса керек. Мындай нерсени ич ара чечишсе болмок, мени аралыштырбай эле. Күйөрмандарыма «эч көңүл бөлбөгүлө. Ар бир адамдын жеке жашоосу болот, аны эч ким талкууга алууга укугу жок. Ой-пикирлериңер менин чыгармачылык ишиме айтылса түшүнөм, көтөрөм. Ал эми жеке жашоом, кыздарымды кеп кылгандарды кудайга койдум» демекчимин.

– Айтмакчы, «Бактылуу айым» долбооруң эфирден алынганы турабы?

– «Бактылуу айым» долбоорун чоң команданын эмгеги менен чыгарып келе жатабыз. Үч жыл ичинде жүзгө жакын айымга ар тараптуу жардам көрсөтө алдык. Бул чоң жетишкендик. Долбоор келишимге ылайык жүрө бермекчи. Эч кандай жабылбайт. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңеши, жетекчилиги колдоодо, алдыда пландар көп. Буюрса ишке ашырабыз.

– Экс-жолдошуң Урмат сенин тегерегиңде болгон кептерге не дейт, кантсе да балдарыңдын атасы да?

– Эми Урмат экөөбүздүн ортобуздагы нерсе биздин гана ичибизде. Ал жакшы адам, эң негизгиси жакшы ата. Бирок, белгилүү себептер менен ажыраштык. Мамилебиз түзүк. Ал эми мен тууралуу, кыздарыма айтылган кептерге, албетте, көңүлү ооруп турат. Мен «бул маселеге көңүл бөлбө» дедим.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: