Бүгүн, 14-июнда КР БШК өзүнүн кезектеги жыйынында Жогорку Кеңештин “Бир бол” фракциясынын депутаты Игорь Чудиновду депутаттык мандаттан ажыратып, анын ордуна партиялык тизмеде кезекте турган Бактыбек Турусбековго мандат тапшырды.
Жыйындын жүрүшүндө БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова өз колу менен Бактыбек Турусбековдун төшүнө депутаттык төш белги тагып, колуна күбөлүк тапшырды.
Игроь Чудинов сотто кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, мандатынан ажырады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ