БШК Жогорку Кеңештин “Республика – Ата Журт” фракциясынын мүчөсү, депутат Болотбек Ибраимжановдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Анын ордуна партиянын тизмеси боюнча кезекте турган Тариел Жоробеков депутаттык мандатты алды. 2015-жылдан бери депутат болуп келген Ибраимжанов өткөн аптада Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Эске сала кетсек, эки жылдан бери эч бир маанилүү маселе көтөрбөй, “балык” депутаттардын катарын толуктап келген Ибраимжанов намаз окуурдун алдында айтылган турган азандын үнүнө каршы чыгып, элдин каарына калган. Депутат болуп кыйратпаган кургуп, миграция кызматын жыргатмак беле.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ