Menu

Депутат Салайдин Айдаров Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына шайланды

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин депутаты Айдаров Салайдин Абдираевич бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында бир добуштан Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагалыгына шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Ал буга чейин ушул эле тармактык комитетке мүчө болуп келген. Бул тууралу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Салайдин Айдаровду жаӊы кызмат орду менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 82 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: