Menu

Албек Ибраимов: Мага козголгон кылмыш ишинде саясий боек бар

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун да үстүнөн “Дастан” ишканасы боюнча кылмыш иши козголгон болчу. Коомчулук Бишкектин мэрин азыртан күнөөкөр кылып, бүгүн-эртең камакка алынышын күтүүдө.

Эске салсак, Албек Ибраимов мурунку президент Атамбаевди эң жакын адамдарынын бири. Ага байланыштуу алгачкы чыр 2017-жылдын башында чыккан: “Ата Мекен” партиясынын лидери Ө.Текебаев ажо Атамбаев Арашанда гектарлаган аянтка хансарай сала баштаганын жар салган. Мурда Максим Бакиевге таандык жер аянтын Албек Ибраимов өзүнө каттатып алып, кийин Атамбаевге белек катары тартуулап, ыраазычылык иретинде Бишкек шаарынын мэри кызматын алганын “ата-мекенчилер” айтып чыгышкан. Бирок, Албек аке баары мыйзамдуу болгонун, Атамбаев жерди белекке эмес, сатып алганын айткан. Албетте, буга эч ким ишенген эмес.

Кечээ болсо эркиндикте калган АШАнын саналуу кадрларынын бири катары мэр Ибраимов өзүнө карата кылмыш ишинин козголушуна байланыштуу билдирүү жасады. Анын айтымында, ал 2011-жылдын февраль айында “Дастан” ишканасына жетекчилик кызматка келген. Ал эми аталган ишкана менен Индиянын коргоо министрлигинин ортосунда 12 аскердик техниканы декабрь айына чейин бул өлкөгө жеткирүү боюнча келишим ага чейин эле түзүлгөн.

“Мен келишимди карап чыкканда үч маанилүү учурду билдим:

1. Келишимди ишке ашыруу 95% даяр болгон. Калган деталдары өндүрүлүп жаткан;

2. Ишкана тарабынан каржынын негизги бөлүгү коротулган. Ал каражаттар сырьёго, келишимди аткаруу үчүн эмгек акы жана салыктарга кеткен;

3. Келишим аткарылбаса миллион доллардан ашык айып төлөмөкпүз.

Баарынан маанилүүсү, согуштук торпеданын бир бөлүгү жетишпей калган. Ансыз согуштук торпеданы эч ким сатып албайт болчу. Завод 6 млн доллар чыгым тартмак.

Аталган атайын бөлүк Совет доорунда “Пермь велосипед заводунда” чыккан. Тилекке каршы бул учурда завод бизге керектүү техниканы өндүрбөй калыптыр. “Дастан Инжиниринг” компаниясы Украинанын атайын экспорт заводунан аталган бөлүкчөнү бизге жөнөтүүнү сунуштады. Ортодо келишим түзүлүп, ТНК “Дастан” менен “Дастан Инжиниринг” аталган техниканы алып келүүнү 533 миң долларга баалашты. Акыркы санды “Дастан Инжиниринг” компаниясы айтуусуна мажбур болдук.

Жыйынтыгында Индиянын коргоо министрлиги менен ТНК “Дастан” ишканасынын ортосунда түзүлгөн келишимден 11,5 млн доллар пайда таптык. “Дастан” ишканасы алгачкы жолу миллиондон ашык дивиденд алды.

Жогорудагыларга таянуу менен бирге ар бир келишим УКМК жана Коргоо министрлигинин кураторлугу менен түзүлгөнүн айта кетейин. Эмне үчүн 7 жылдан кийин шек жаралып жатат?

Атамбаевдин тарапкерлеринин камалышы жана мага карата кылмыш ишинин козголушунда саясий боёк бар”,- деди Ибраимов.

Кыстырма катары айта кетсек -буга чейин камакка алынган АШАнын кадрлары Сапар Исаков да, Кубанычбек Кулматов да, Салайдин Авазов да кылмыш ишин саясатка байланыштырууга аракет жасашкан. Бирок, ири коррупциялык схема орун-очок алынып калганын эл депутаттык талкуудан соң жакшы билип калгандыктан, бул жомокко ишенишкен эмес. Албектин аракетинен кандай майнап чыгат, көрө жатарбыз…

Булак: “Майдан”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 28 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: