Menu

Акылбек Жапаров: Салык төлөбөгөндөр эл душманы катары каралышы керек

Бөлүшүү:

– Акылбек мырза, бажы кызматы сунуштаган мыйзамга карата көз карашыңыз кандай?

– Бизде 6 млн. калк бар деп атпайбызбы. Ошонун 300 миңи бюджеттен айлык алат. Калган 5 млн. 700 миң ишкердик, соода-сатык кылып, өз оокаттарын өздөрү кылып жүрүшөт. Алар алып келген долбоор бажы мыйзамдарын гуманизациялоого багытталган. Кимдир бирөө билип, же билбей чек арадан өтүп атканда товарды туура эмес оформит этип алса, айып пулун төлөп, бирок, кылмыш иши козголбошун карайт. Бул «күнөө кетирсе акчасын төлөп коюп, кайра жумушун уланта берсин» деген жакшы мыйзамдардын бири, биз муну колдойлу деп атабыз. Чет өлкөлөрдө деле ушундай. Жаран «күнөө менден кетти» деп төлөп койсо, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт. Себеби, салык төлөөчүнү сактап калыш керек да. Өзүн эле бакпай, башкаларга жумуш орун таап берип аткан ким? Салык төлөөчү да. Ошон үчүн мындай мыйзам бизге керек. Күнөсканада деле шарт түзөбүз, ошон үчүн помидор, бадыраңдар өсүп атпайбы. Ошол сыяктуу эле ишкерлерге да шарт түзүп беришибиз керек.

– Кытай бажысы менен биздин бажынын маалыматтары бири-бирине дал келбегени боюнча эмне айтаар элеңиз?

– Мен мына төртүнчү президент менен барып атам Кытайга. Иш сапарлары менен барып калганда алар ушуну эле айтышат. Мисалы, «былтыр 5,5 миллиард долларга силер менен соода-сатыгыбыз болуптур» дешти.

А биз болсо статистика туура эмес, бир жарым эле миллиард деп атабыз. Бул туура эмес көрүнүштөрдүн бири.
Өткөн товарды өтүп жатат деп электрондук форматта элдин баарына жарыялап турушубуз керек. Кытай мамлекети буга каршы эмес. «Ар бир байпактан баштап, чоң станокторду алып кетсеңер дагы коду менен баарын бергенге даярбыз» дешти. Биздин өкмөт ыкчамыраак иштесе бир-бир жарым миллиарддан эмес, беш жарым миллиарддан салык алат элек. .

– Кеп статистикадабы же коррупция да барбы?

– Статистикада да бар. Себеби, убагында Апас Жумагулович бажы төлөмдөрүн баасына жараша эмес, салмагына жараша алалы деп эң туура чечимдердин бирин алган. Дордой, Кара-Суу сыяктуу чоң базарлар чыгып, завод-фабрикалар жабылса да эл соода-сатык менен бутуна туруп кетти. Эми болсо биз бирдиктүү экономикалык зонага киргенден кийин соода-сатык жүгүртүүнүн шарты өзгөрүлдү. Биз ошол шартка моюн сунбагандан башка айлабыз жок. Ошонун ичинде коррупция да бар. Тараза менен тартып атканда билбейбиз да. Темирдин салмагы менен тартып атабы, байпактын салмагы мененби, же айфондун салмагы мененби? Мына ушуларды иреттеп, ордуна келтирип койсок, коррупция дагы бара-бара жоюлат эле. Эмне үчүн таракандар свет күйгөндө качып кетип калат? Ошо сыяктуу эле нерсе да. Ар бир жаран бизге канча көлөмдөгү товар киргенин, ошондон канча салык төлөнгөнүн көрүп турушу керек. Салык төлөбөгөндөр кыргыз элинин душманы катары каралышы зарыл.

Керим Мурас

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: