2012-жылдан бери чет өлкөлүк жарандар кыргызстандык 86 баланы асырап алышкан, алардын 81и Америка кошмо штаттарына кеткен. Бул тууралуу «Азаттыкка» социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди. Анын айтымында, асыранды балдардын басымдуу бөлүгү ден соолугунан мумкүнчүлүгү чектелгендер. Аларды АКШнын, Канаданын жана Голландиянын жарандары эл аралык бала асыроо программасынын негизинде багып алып, заманбап медициналык операцияларды жасатышууда.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ