Menu

Түркмөнстанда президенттин туулган күнүнүн алдында мугалимдер даярдык иштерине тартылууда

Бөлүшүү:

Майрамдык иш-чараларга катышып жаткан мамлекеттик кызматкерлер. Түркмөнстан

Түркмөнстандын Ашхабад жана Мары шаарларынын мектеп мугалимдери быйыл президент Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнүнүн алдында белгиленгени жаткан түркмөн классиги Магтымкулинин поэзия күндөрүнө даярдык көрүү иштерине тартылууда.

Бузмеин шаарында иштеген аты-жөнүн билдиргиси келбеген мугалимдердин биринин айтымында, акыркы бир нече күндөн бери дээрлик бардык мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери майрамдык иш-чараларга даярдануу үчүн Ашхабадга барууда.

«Азыр эмгек өргүүсүнө чыккан мугалимдерге да тынчтык бербей жатышат. Күн сайын таңкы төрттө туруп, 25 чакырым жөө басып Ашхабадга барууга туура келип жатат. Анткени иш-чараларга даярдыктар борбордогу сейил бактар менен маданий жайларда өтүп жатат. Үйгө чарчап, бутубузду араң тартып келип жатабыз. Үй иштерине, балдарды тарбиялап, азык-түлүк сатып алууга убакыт жетпей калып жатат», — деди ал.

Мары шаарынын жашоочулары калаанын жана ага жакын жайгашкан айылдардын мугалимдери концерттик залда өтүп жаткан даярдык иштерине катышууга милдеттендирилгенин билдиришти.

Көп жылдардан бери 18-майда белгиленип келген Кайра жаралуу, биримдик жана Махтумкулинин поэзия күнү парламентинин демилгеси менен быйыл алгачкы жолу 27-июнда, Түркмөнстандын маданият жана искусство ишмерлеринин күнүндө белгиленгени турат. 29-июнда болсо өлкөдө президент Гурбангулы Бердымухамедовдун туулган күнү белгиленет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: