Menu

Кыздаркан Келдибекова, ырчы: Эл аралык сынактарга сунуш түшсө баш тартпайм , кудайга шүгүр талантым бар..

Бөлүшүү:

Таланттуу ырчы кыздар абдан көп. Кыргыз эстрадасында таланттан мурда шоу менен гана күн көргөн, таланты жагынан бир тбп аксагандары да жок эмес. Ал эми мен сөз кыла турган каарманым талант десе талант, өң десе өңү бар адеми кыз. Дегеним, кайсы жерге барбасын колунда комузу даяр, жандуу үн менен жан дүйнөнү гүлдөткөн чыгармаларды аткара алган, кандай чыгарма аткарбасын өз күйөрмандарын топтой алган инсан.

– Кыздаркан, жаңы ыр жаздырыптырсыз. Өзгөчө экен. Ырдын автору ким? Аткарып калууңуздун себеби?

– Ырдын автору кытайлык кыргыз Турдакун Айсу уулу. Ырды автордун аткаруусунда угуп жактырдым. Ырчы болбосо деле, катардагы адамдар да кайсы бир ырды чын дилинен жактырып калса кыңылдап ырдай берет эмеспи. Анын сыңарындай ырды абдан жактырып, ырдагым келгендиктен автордун өзүндөй деңгээлде аткара албасам да, болгон дараметим, күчүм менен ырдап чыгууга аракет кылдым. Ырдын кандай деңгээлде аткарылганына эл тараза, эл сынчы. Ал эми клипти болсо учурда кыргыз эстрадасынын дээрлик95 клиптерин тартып жүргөн ишенимдүү клипмейкер Эрнест Сыдыковго тарттырдым. Буюрса эл сынына койдук. “Музыка” каналы учурда ырчылардын чыгармачылыгын элге жеткирүүдө өзгөчө күжүрмөн иштеп жатышпайбы. Мен да эл катары ырымды алып баргам. Ал жакта атайын комиссия бар экен. Сынактан өтүп кетиптир, абдан кубандым. Анонс кылып берип жатышат. Жакындатолук кандуу клип кете баштайт.

– “Мега жылдыз” болууга араккетенесизби? Канткенде “мега жылдыз” боло алат деп ойлойсуз?

– Албетте аракет кылам акырындык менен. “Мега жылдыз” болуш үчүн бардык чыгарган ырларың хит болуш керек. Ошондой эле финансы жактан колдоо болуш керек. Бирок жалаң эле финансыга таянып отура берген да туура эмес. Өнөр адамы болгон соң сөзсүз түрдө таланттуу болуш керек. Кур эле ак-чанын күчүнө салып, калп эле каражатка таянып өздөрүн “мега жылдызмын” деп ойлогондор четтен чыгат эмеспи. Чыныгы таланттуу адамга гана ушул статус жарашат го деген ойдомун.

– Былтыр чыгармачылыгымды түшүнгөн мырза болсо турмушка чыгам деген элеңиз. Жолуга элекпи?

– Алдыга максат коюп, ошол ишке ашканча жаналекет кылып чуркаган адам айланасындагы адамдарга, окуяларга, жеке турмушуна азыраак көңүл буруп калат окшойт. Валким менин тагдырымдын ээси айланамда эле жүргөндүр, бирок максаттын артынан байкабай калып жаткандырмын. Кудай буюрса, жеке жашоомдо жаңылык болуп той болуп кетсе сиздерди биринчи чакырам.

– Атаандаштыкка кантип туруштук берүүдөсүз?

– Атандашуу эгерде жакшы ниет менен болсо албетте ар бир инсанды өстүрө турган нерсе. Эн башкысы кара ниет менен атаандашуудан кудай сактасын. Бирок билесизби, чыгармачылыкта атаандашуу болуп турганы жакшы дегенибиз менен ар бир ырчы-нын өз күйөрманы, угарманы болот. Канчалык жан үрөсөң деле, башкаларга бут тосуп, күйүксөң деле сенин өз угарманьщ болбосо, башканын угарманын тартып ала албайсың. Андыктан чыгармачьш адам тек гана баш көтөрбөй эмгектене бергени оң. Ошондо эмгектин үзүрү кайтат. Бирөөгө атаандашып, көз артып отурган убакытты ырхаттанууга, жаңы чыгарма аткарууга арнаганы оң.

– Күндүн канча пайызын интернетке арнайсыз? Катталуучуларды топтоого аракеттенесизби?

– Чындыгында интернетке андай деле коп кирбейм. Анткени жеке жумушта-рыма байланыштуу күндүн 30 пайызын гана арнашым мүмкүн. Элчилеп катталуучуларды топтоого аракет кылбайм. Өзүмдү социалдык тармактар аркылуу пиарлоону жактыра бербейм. Баскан-турган, ичкен-жегендин баарын зле баракчасына салып, эл-дин назарын өзүнө бурдурам дегендерден эмесмин.

– Эл аралык сынактарга катышуу туралуу ойлодуңуз беле?

– Албетте бул оюм бар. Кароо-сынактардан таптакыр качпайм. Анткени кудайга шүгүр, талантым бар. Эгерде сунуш боло турган болсо ар дайым даярмын.

– Сиздин сахналаштарыңыздардын көбү жеке концерт берип жатышат. Сизчи?

– Сөзсүз бул тууралуу ойлоном. Жеке концерт берүүнү көптөн бери тилек кылып келе жатам. Анткени ырчы болгон соң милдеттүү түрдө тушоо кесүү концерт берүүм керек. Быйыл тушоомду элимдин алдында кеситирип, ак батасын алып, мудүрүлбөй чуркап кетейин деген тилек, бата алайын деп жатам.

– Имиджди өзгөртүүдөн коркпойсузбу?

Эл назарында жүргөн адамдар сөзсүз образын алмаштырып турушу керек. Алмаштыруудан коркпойм жана даярмын ар дайым. Жаңычылдык, жаңы көз караш бизге ар дайым керек. Андыктан эч кандай чочулоонун кажети жок.

– Акыркы жолу оку-ган китебиңиз?

– Китеп адамдын дүйнө таанымын кеңейтүүчү, жан дүйнөсүн байытуучу, эстетикалык ырахат тартуулоочу жападан жалгыз курал. Ансыз адамдар караңгыда жол таппай калган жалгыз караандай эле болуп калмакпыз. Канчалык убакыт тар болуп турса да сөзсүз китеп окуганга убакыт болүү керек деп ойлойм. Олжобай Шакир агабыздын акыркы “Куюн доор”романын жана Алыкул Осмоновдун “Тандалган ырлар” жыйнагын окудум.

– Хейтерлерге кандай реакция кыласыз?

– Хейтерлерге эч кандай жаман деле оюм жок. Анткени алар да өз ойлорун жазат. Мен алар үчүн кайгырбайм дагы, ойлонбойм даты. Элдин пикирин жилке тизүүгө мүмкүн эмес. Эл деген эл, арасында сени жактырганы да, жаман көргөнүда болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: