БШКга “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер Марат Аманкуловдун үстүнөн жарандык активисттерден арыз келип түштү. Бул тууралуу департаменттен билдиришти.
Активисттер Марат Аманкуловду 2019-жылы Москва шаарында өткөн иш-чарада сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу каттоону жокко чыгарууну талап кылышууда. Алар билдирүүлөр өлкөнүн суверендүүлүгүнө шек келтирүүгө багытталган жана ал мандатка талапкер катары мындай билдирүүлөрдү жасай албайт деп эсептешет. Борбордук шайлоо комиссиясы активисттердин кайрылуусун кароону убада кылды.
Буга чейин социалдык тармактарда Марат Аманкуловдун сүйлөгөн видеосу тараган. Видеодо ал: “30 жылдык эгемендүүлүктөн кийин өлкө көз-карашын өзгөртүп, кайра кайтууга мезгил келди” деп айткан. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул билдирүүнү Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясына кирүүсүн козгоо аракети катары чечмелешти. Марат Аманкулов өзү билдирүү жасап, анын сөздөрү контексттен чыгарылгандыгын жана бул уюштурулган чагым экендигин баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ