Menu

Эл аралык каржы донорлорунун көмөгү менен “Ден соолук” программасынын натыйжалуулугу жакшыртылууда

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «Ден соолук» программасын каржылоо жөнүндө макулдашууга (Кредит № 5235-KG, Грант № Н 839-KG) жана Гранттык макулдашууга (Грант № TF 015135) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу макулдашуу катын ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды. Бул туралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Акыркы жылдары эне жана ымыркай балдардын өлүм көрсөткүчү кыскарууда. 2015-жылдагы ЮНИСЕФтин Дүйнөлүк отчётуна ылайык, Кыргызстан МЖӨнү жүзөгө ашырган өлкөлөрдүн катарына кирген (1990-жылга салыштырмалуу балдар өлүмүнүн деңгээлин 2/3 гө кысткарткан). Стационардык тейлөөдөн Баштапкы медициналык-санитардык жардамга (БМСЖ) өтүү иштери акырындык менен жүрүп жатат.

2016-жылдын аягына карата «Ден соолук» программасы үчүн бөлүнгөн донордук каражаттардын ичинен 25 млн доллар каражат өздөштүрүлгөн. Программанын аягына чейин дагы 18 млн долларын өздөштүрүү пландалууда. Каржы министри Адылбек Касымалиевдин айтымында, жалпы каражаттын 55 пайызын жеӊилдетилген насыя, 45 пайызын гранттык каржы түзөт.

Мындан сырткары, 2017-2018-жылдарга карата «Ден соолук» программасын колдоо үчүн 10 млн. 950 миң евро караштырылган. Ошондон улам, мамлекеттик бюджеттен кошумча каржылоонун талап кылынбай тургандыгын эске алуу менен, мурда кол коюлган Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан.

Макулдашуу катына ылайык, Долбоорду иштеп чыгуунун максаты төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлүүдө: «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун реформалоо боюнча «Ден соолук» Улуттук программасынын алкагында эне жана баланын ден соолугун коргоо үчүн сапаттуу кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртууга көмөк көрсөтүү». Демек, программанын багыты өзгөрөт.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо министрлигинин 2018-жылдагы бюджети 16 млрд сомду түзөт, анын ичинде республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, эл аралык донорлордун каражаттары бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: