Menu

Жамшитбек Калилов, транспорт жана жолдор министри: Темир жолдогу Ногойбаевдин ишин карайбыз, аны Иса Өмүркулов “крышовать” этпейт

Бөлүшүү:

– Жамшитбек мырза, түндүк-түштүк альтернативалык жолун курууда 600 миллион доллар уурдалгандыгы айтылып, ал иштин артында турган адам катары сиздин атаңыз аталып жатат. «Кактус медиа» булагы иликтөө жасап, «Чайна роуд» жана «Лонг Хай» Кытай компанияларынын ишин, бааларын салыштырган. «Жолду курууда сметада көргөзүлгөн баалар 300-400 пайыз жогорулатылган» дешет…

– Биринчиден, ал жолго 600 миллион доллар бөлүнө элек. Жолдун курулушу үч фазага бөлүнгөн. Болгону 700 миллион доллар эки фазага каралган. Азыркы учурда эки фазада 66 пайыз жумуш аткарылды. Баасы менен айтканда, 400 миллиондун тегерегиндеги иш бүттү. Толук бүткөндө калган акча бөлүнөт. Ал эми 3-фаза баштала элек. Тендерге даярдык процесстери башталып жатат. Жолду курууда салыштыра турчу баалар бар. «Реабилитация, реконструкция, жацы курулуш» деген болот. Түндүк-түштүк жолунун көп жерлери жаңы курулуш. Жаңы курулуш менен реабилитация болуп жаткан жолдун баалык айырмасы сөзсүз болот. Мисалы, эски жолдордун үстүңкү катмарын алып, асфальт салып койгон менен, тегиздеп, кайрадан материал төшөп, жардырып, аттырып жаңы салган жолдун айырмасы бар да. Мен актанбайм, адистер келип текшерип, баасын берсин.

– Антикоррупциялык компания жүрүп жатат. Депутаттар дагы, коомчулук дагы «түндүк-түштүк, Бишкек-Торугарт автожолдорунда коррупция бар» дешүүдө. Кооптонуу жокпу сизде?

– Жетекчи болгондон кийин ар кандай кооптонуулар болот. Бирок, жасалган иштердин баары мыйзам чегинде болгон. Тендерлер убагында кынтыксыз өткөн. Консультативдик компаниялар көзөмөл иштерин жүргүзүшкөн. Бардык мамлекеттик тийиштүү процедуралардан өтүп туруп, ошол иштерди аткардык. Иш башталарда документтерди текшерүүчү органдардын бардыгы текшерип, жазган актылары бар. Кайрадан текшере турган болсо деле макулбуз. Жол эч жакка жылган жок, асфальттардын катмары, жээк эндеринин баары нормасында жасалды. Кайсы маал болбосун текшерип, жыйынтык чыгарып алышса болот.

– Президент «коррупционерлер иштен алынат, аёосуз күрөш болот» деди. Жакында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башчысы Алмазбек Ногойбаевдин «темир жолдогу коррупциялык иштерде катышы бар» делип журналисттик иликтөө чыкты, айрым депутаттар дагы айтып чыгышты. Ал кишини КСДПчы депутат Иса Өмүркулов крышовать этеби, ушул жагынан да сөздөр айтылууда, тактап коёсузбу?

– Ногойбаевди эми Өмүркулов крышовать эткенинен кабарым жок. Бирок, ал киши ошол тармакта 30 жылдан ашык иштеген, тажрыйбасы бар жетекчи. Темир жолдо башка маселелер арбын. Системаны өзгөртүш керек. Азыркыдай система менен кетсек, темир жолду жакшы деңгээлге чыгара албайбыз. Себеби, бул жерде көп каржы булактары бар. Биздин темир жол 50-60-жылдардагы жыгач реллстер менен жүрөт. КМШда бир да мамлекетте мындай жок. Мисалы, Балыкчыга барган жолдун орточо ылдамдыгы 20 чакырым. Мындай эч жерде жок. Биз азыр ошолорду модернизациялоону, системасын өзгөртүп, активдерин кайрадан ревизия кылууну караштырып жатабыз. Ал тармакта иштер жүрүп жатат. Мен ойлойм, көп эмгек талап кылынат. Модернизация же башка талаптар жетекчи катары Ногойбаевдин ишинен көз каранды болсо, ал кишини ал жердей жылдырганга деле даярбыз.

– Сиз министрликтин саясатын ишке ашырасыз да. Ногойбаев аны ишке ашырат деп ишенесизби?

– Транспорт министрлигинин ичинде тармактар көп. Мен жетекчи катары ошол тармактар боюнча жетекчилерге ишенбесем, алар менен иштей албайм. Жетекчилер өкмөт аркылуу коюлат. «Кыргыз темир жолундагы» иштер боюнча эсеп палатасы текшерип кетти. Жакында өзүбүздүн ички аудит барып текшерет. Азырынча «темир жолдо коррупция бар» деп да, «жок» деп да баа бере албайм.

Динар Турдугулова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 − = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: