Menu

Сезим Асранкулова, “Мисс-Бишкек-2018”: Мени чет өлкөлүк мырзалар кызыктырбайт

Бөлүшүү:

Жакынкы убактарда эле Рыскүл Намазбекова уюштурган «Мисс-Бишкек-2018» сынагында баш байгенин ээси болгон ай чырайлуу, кымча бел кыздарыбыздын бири Сезим Асранкулова менен маек курдук.

– Сезим, сенин жеке турмушуң окурмандар үчүн кызык болуп турса керек…

-Мен 1995-жылы 11-октябрда Сокулук айылында жарык дүйнөгө келгем. Атам мен 4 жашымда кайтыш болгондуктан, ата мээрими кандай болорун билбей калдым. Атасыз өсүп, оор күндөрдү баштан кечирдим. Өзүмдөн улуу эки эжем, байкем бар. Эжелерим экөө тең Бишкекте турушат. Экөө тең үч балалуу болуп, жезделерим менен ынтымактуу жашашат. Келечекте мен да эжелеримдей ынтымактуу үй-бүлө күткүм келет. Алгач Сокулуктагы №1 гимназия орто мектебин бүткөндөн кийин Махмуд Кашкари атындагы Чыгыш университетине киргем. Бирок мага анчалык жаккан жок. Кийин кайра Жусуп Баласагын атындагы улутгук университеттин экономика факультетине сырттан окууга тапшыргам. Азыр төртүнчү курска көчтүм. Өлкөмө экономика тармагына жылыш алып келип, өз салымымды кошсом деген максаттарым бар.

– Дүйнөлүк кайсы сынактарга катышуу максатың бар?

– Мени 15 жашымда эле тааныштарым, жакындарым «модель болсоң болчудай, сынактарга катышып көрбөйсүңбү?» деп айтып калышчу. 2017-жылы «Мисс-Кыргызстан-2017» конкурсуна катышып, «Самая модная красавица» номинациясына ээ болгом. «Мисс-Бишкек-2018» конкурсунда жеңүүчү болдум. Катышууга сулуулук сынактары көп. Баарынан «Аалам сулуусу» жогорку деңгээлде өткөрүлөт. Колдон келсе, эл көрүп, жер көрүп саякаттаганга не жетсин? Мүмкүнчүлүк болсо Испания, Мексика жана Африка өлкөлөрүн кыдырмакмын.

– «Мисс-Бишкек-2018» сынагынын жеңүүчүсүнө көз арткан мырзалар көп болсо керек. Чет элдик мырзалар колуңду сураса кандай кадамга барасың?

– Кыргыздын мыкты жигиттери көп. Мени чет элдик жигиттер кызыктырбайт. Баары бир маданиятыбыздагы, менталитетибиздеги айырмачылыктар үй-бүлөлүк жашоодо көрүнбөй койбойт деп ойлойм. Мен кыргыз жигитке турмушка чыгып, нукура кыргыз турмушу менен жакын адамдарымдын арасында бактылуу жашагым келет.

Жамиля Нурманбетова

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: