Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте. 28-июнь, 2018-жыл
Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Брюсселдеги саммитте качкындарды кабыл алуу боюнча бирдиктүү саясат тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу 29-июнда эртең менен Европалык кеңештин төрагасы Дональд Туск Твиттер аркылуу билдирди.
Миграциялык саясат тармагында реформа жасоону Италия талап кылган. Буга чейинки эрежелер боюнча Евробиримдикке келген мигранттар кайсыл өлкөдө каттоого алынса, алар үчүн ошол өлкө жооптуу болчу. Буга байланыштуу Түштүк Европа өлкөлөрү көп түйшүк тартып келишкен. 11-июнда Италия бийлиги Жер ортолук деңизде куткарылган мигранттарды кабыл алуудан баш тарткан. Римдин бул чечимин Франция менен Испаниянын башчылары сынга алып, Эммануэль Макрон ЕБдеги миграциялык каатчылык саясий маселеге айланганын айткан.
Макулдашууга кол коюлгандан кийин Макрон Европа миграциянын басымында дагы узак убакыт жашай турганын, бирок ЕБ бул чакырыкка каршы туруп, ошол эле маалда европалык баалуулуктардан тайбашы керектигин белгиледи. «Бүгүн Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык жеңди», — деди Макрон.
ЕБ лидерлери Брюсселдеги саммитте миграция маселесинен тышкары Украинанын чыгышындагы абалды талкуулап, андагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча жыйынтыктуу аракеттер болбой жаткандыктан, Орусияга каршы киргизилген санкциялардын мөөнөтүн дагы узартышканы кабарланды.
Источник: “Служба новостей Центральной Азии”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ