Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев аялдардын макияжы жана кийими тууралуу «Фейсбук» баракчасына: “Аялдар эмне үчүн эркекти суктандырган кийимдерди кийишет. Кыздын сулуулугуна арбалган жигит кучактап же өбүүгө аракет кылса ыдык көрсөттү деп чыгышат. Албетте, зордукчул аракеттерди кошпогондо” – деп жазган пикирин тамаша болчу деп танып чыкты. Масалиевдин бул сөзү коомдо катуу сынга алынып, эл өкүлү оозуна келгенди оттой бербей, эс-акыл менен пикир айтпайбы деген ачуу пикирлер айтылган. Натыйжада Масалиев баары тамаша деп кутулду.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ