Menu

Парламенттин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү тууралуу жарыяланган материалдар арасындагы сынактын жыйынтыгы чыгарылды

Бөлүшүү:

Улуу Британия Эл аралык өнүктүрүү боюнча министрлигинин (DFID) Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” программасынын колдоосу менен парламенттин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган материалдар арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылды.

Салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Чыныбай Турсунбеков, Аида Касымалиева, DFIDнин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Дэвид Риннерт катышты.

Белгилей кетсек, сынакка телеканал, радио, гезит-журнал жана интернет басылмалардан 170ге жакын материал келип түшүп, атайын комиссиянын жардамы менен жеңүүчүлөр аныкталган. Тагыраагы, комиссиядагы Жогорку Кеңештин депуттары Аида Касымалиева, Жанарбек Акаев, Наталья Никитенко, парламенттин Аппарат башчысы Саматбек Ибраев, Басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу, Жогорку Кеңешке көмөк көрсөтүү боюнча “Өнүгүү үчүн өнөктөштүк” программасынын өкүлдөрү Анар Мусабаева жана Роза Айылчиевалардын тандоосу менен төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылды:

“Эң мыкты ТВ-материал” номинациясы боюнча 1-орунга Зарема Мусаева (КТРК), 2-орунга Шекер Сатыбалдиева (Newtv.kg), 3-орунга Махабат Үсөнбай кызы (ЭлТР) татыды.

“Эң мыкты радио материал” номинациясы боюнча 1-орунду Элеонора Бейшенбек кызы (Азаттык), 2-орунду Салтанат Калдыбаева (Биринчи радио) , 3-орунду Элеонора Сагындык кызы (Би-Би-Си) багынтты.

Ал эми “Басылмада жарыяланган эң мыкты материал” номинациясы боюнча 2-орунду Сайпидин Султаналиев (“Мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат” гезити), 3-орунду Сымбат Максүтова (“Эркин-Тоо”) жеңсе, “Интернет-басылмада жарыяланган эң мыкты материал” номинациясы боюнча 1-орунга Альбина Метерова (Киртаг) менен Наргиза Өмүрбек кызы (Экономика), 2-орунга Асель Молдоболотова (Аары), 3-орунга Жеңишгүл Тоголокова жетишти. Кошумчалай кетсек, 1-орун алгандарга ноутбук, 2-орун алгандарга смартфон телефон, 3-орун алгандарга диктофон берилди.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин көзөмөлдөө ишмердүүлүгү боюнча журналисттер үчүн уюштурулган ментордук мектептин жигердүү катышуучуларына жана сынакка материал сунуштаган бардык журналисттерге кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: